Ата-Түрк паркындагы жер тилкелерин өзүм билемдик менен кеңейтип алышкан

Жазылуу
Мэриянын кызматкерлери август айында жүргүзүлгөн рейд учурунда Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 22 турак үйдүн ээлери мыйзмасыз дарбаза орнотуп, аларды алып салуу боюнча мэриянын буйругун аткарбай жатышат.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Бишкек мэриясынын жеке турак-жай куруу департаменти Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан 22 үйдүн ээлерин мэриянын буйругун аткарбагына үчүн Октябрь райондук сотко бергенин муниципалитет билдирет.

Бульдозер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия "Көлмө" жаңы конушунда мыйзамсыз курулган дарбазаларды түрттүрдү
Август айында аталган департамент Ата-Түрк паркынын чыгыш тарабындагы Малдыбаев көчөсүндө жайгашкан жер тилкелерин текшерип, бир катар мыйзам бузууларды аныктап чыккан.

Текшерүү учурунда аталган жашоочулар жер тилкелерин муниципалдык жердин эсебинен өзүм билемдик менен алты метрге чейин чоңойтуп алышканы маалым болгон.

Аталган улам аталган турак-жай ээлерин мыйзамсыз курулган дарбазаларды алууга милдеттендирген. Бирок буйрук аткарылган эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0