Биометрикалык маалыматты чогултуу бүгүн токтотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековБиометрикалык маалыматты чогултуу. Архив
Биометрикалык маалыматты чогултуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Биометрикалык маалымат менен бирге шайлоочулардын добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу да токтотулат. Бишкекте форма-2 боюнча арыз жазгандардын саны 53 миң, ал эми Ош шаарында 20 миң кишиден ашты.

БИШКЕК, 18-сен. – Sputnik. Мамлекеттик каттоо кызматы Бишкек шаарында биометрикалык маалымат кабыл алуучу кошумча комплектилерди орното турганын өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Мындай тапшырманы биринчи вице-премьер Тайырбек Сарпашев берди.

"Бүгүн биометрикалык маалымат чогултуунун акыркы күнү болгондуктан кошумча комлектилерди орнотуп, кабыл алууга тажрыйбалуу операторлорду дайындагыла", — деди чиновник.

Биометрикалык маалымат менен бирге шайлоочулардын добуш берүүчү дарегин өзгөртүү боюнча арыз кабыл алуу да токтотулат. Бишкекте форма-2 боюнча арыз жазгандардын саны 53 миң, ал эми Ош шаарында 20 миң кишиден ашты.

"Эртеңден баштап арыздар каралып, тактоо, тизмеге киргизүү аракеттери башталып, төрт күнгө чейин уланат", — деди Сарпашев.

Биометрикалык маалымат чогултуу 2014-жылдын авугст айында башталган. 4-октябрга белгиленген парламенттик шайлоодон кийин жеке маалымат тапшыруу жараяны кайрадан уланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0