БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Эл аралык "Ислам мамлекети" террористтик уюмунун ишмердүүлүгүнө Борбордук Азия, анын ичинде ШКУга кирген мамлекеттерден үч миңге жакын жаран катышып жатканын журналисттерге Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынынын директор орун басары Сергей Смирнов билдирди.
"Ислам мамлекети" дүйнө коопсуздугу үчүн ири коркунучтардын бири болуп саналат. Үч жылдын аралыгында террористтер Ирак менен Сириянын басымдуу бөлүгүн ээлеп алышкан. Мындан тышкары, алар өз таасирин Түндүк Африкага, негизинен Ливияга жайылтууга аракет кылышууда.
ИМ менен күрөшүүдө бирдиктүү фронт жок: уюмга каршы Сирия жана Ирактын өкмөттүк аскер күчтөрү, АКШ башында турган эл аралык коалиция, күрд, ливия жана ирактык шиит түзүмдөрү иш алып барууда. Куралдуу кагылыштын натыйжасында жүз миңдеген тынч жашаган адамдар курман болуп, бир нече миллиону өз өлкөсүн таштап кетүүгө аргасыз болушту.
БИШКЕК, 25-янв. — Sputnik. Транспорт жана жолдор министрлигинин алдындагы Жол чарба департаментинин директору И.Ш.М. мыйзамсыз байыганы аныкталып, кылмыш иши козголду. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы кабарлады.
Ага ылайык, кармалган жетекчи мамлекеттик кызматта иштеп жүрүп кымбат баалуу кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөргө, көптөгөн бодо малга ээлик кылган. Булардын наркы тапкан кирешесине дал келбейт.
"Мыйзамсыз мүлктөрүн жашыруу максатында жакын туугандарына жана аффилирленген жактарга көмүскө түрдө каттаткан. Атап айтканда, үч особнягы, шаардын чок ортосунан 20 батирлүү дагы бир особнягы жана кымбат баадагы автоунаалары болгон. Ошондой эле туугандары менен чет мамлекетке эс алууга байма-бай барып турганы аныкталды", — деп айтылат маалыматта.
УКМКнын билдиришинче, Жол чарба департаментинин директору ири жолдорду куруу үчүн жыл сайын өткөрүлчү мамлекеттик сатып алуулар аркылуу активдерин көбөйткөнү болжолдонууда. Республикалык маанидеги курулуштар үчүн мамлекеттик бюджеттен үч миллиарддан ашык каражат бөлүнөрү белгиленет.
Учурда Транспорт жана жолдор министрлигинин бюджеттик каражаттарга жооптуу жана жемкорлукка тиешеси бар башка кызмат адамдары аныкталып жатканы кошумчаланды.
Китеп жазып жаткан авторлор өзүнүн гана кызыкчылыгын ойлобой, окурмандын пикирин эске алуу менен китептин мазмунуна, түпкүлүгүнө да маани берсе жакшы болот эле. Мындай оюн Анаркан Садыкулова Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, ар бир китептин өзүнө тиешелүү окурманы болот.
"Жаман китеп болбойт. Биз жерип жаткан китептин ичинде деле тарбия же кандайдыр бир туура багытты көрсөткөн тарабы сүрөттөлөт. Мисалы, бирөөнүн басып өткөн катасы аркылуу башканы оңдогонго болот. Бул китеп жаман деп ыргытып жиберген туура эмес. Бирок китеп жазып, элге пайда келтирем дегендер кичине ойлонуп, түпкүсүнө маани бериши зарыл", — деди Садыкулова.
Маектеш, ошондой эле, жаштар арасында кыргыз адабиятын окугандар абдан аз деген пикирин кошумчалады.