Тамара Исраилова 38 жылдан кийин Кызыл жарым ай уюмунун издөө кызматынын жардамы менен өз энесин тапты.

Энеге болгон кусалык: кыргызстандык аял өз апасын 38 жылдан кийин тапты

2635
(жаңыланган 18:09 18.09.2015)
Тамара Исраилованын ата-энеси 1977-жылы ажырашып кеткен. Сегиз жашар кыз ошону менен энесин көргөн эмес. Кызыл жарым ай уюмунун "Үй-бүлөлүк байланыштарды калыбына келтирүү" долбоорунун кызматкерлери Жалал-Абаддын тургунуна ушу мезгилге чейин Казакстандын Семей шаарында жашап келген энесин табууга жардам беришти.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. Жалал-Абаддын тургуну Тамара Исраилова 38 жылдан кийин Кызыл жарым ай уюмунун издөө кызматынын жардамы менен Чыгыш Казакстан облусунун Семей шаарында жашаган энесин тапты.

Катаал балалык

Тамара Исраилова ата-энеси ажырашып жатканда сегиз жашта эле. Үй-бүлө узак убакыт бою Сузакта жашагап, бирок Тамаранын туугандары орус келини менен батыша албай коюшкан. Кичинекей кыздын энеси кайындарынын көрсөткөн запкысынан улам Кыргызстандан таптакыр кетүүнү чечет. 

  • Тамара Исраилова 38 жылдан кийин Кызыл жарым ай уюмунун издөө кызматынын жардамы менен өз энесин тапты.
    Тамара Исраилова 38 жылдан кийин Кызыл жарым ай уюмунун издөө кызматынын жардамы менен өз энесин тапты.
    Национальное общество Красного Полумесяца
  • Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери программанын эсебинен аялга билет сатып берип, Семей шаарына чейин баруучу поездге салып ийишти.
    Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери программанын эсебинен аялга билет сатып берип, Семей шаарына чейин баруучу поездге салып ийишти.
    Национальное общество Красного Полумесяца
  • Тамара Исраилова кичүү кызы Нурзат менен узак, бирок бактылуу сапарга жөнөдү.
    Тамара Исраилова кичүү кызы Нурзат менен узак, бирок бактылуу сапарга жөнөдү.
    Национальное общество Красного Полумесяца
  • Тамара Исраилова ата-энеси ажырашып жатканда сегиз жашта эле.
    Тамара Исраилова ата-энеси ажырашып жатканда сегиз жашта эле.
    Национальное общество Красного Полумесяца
1 / 4
Национальное общество Красного Полумесяца
Тамара Исраилова 38 жылдан кийин Кызыл жарым ай уюмунун издөө кызматынын жардамы менен өз энесин тапты.

"Чоң энемдин апам менен мамилеси жакшы эмес болчу. Көрсө, атам экөө биригип апамды кээде уруп коюшчу экен. Көпчө чейин чыдаптыр. Бирок акыры ажырашууну эп көргөн экен. Чоң энем апама мени да, инимди да бербей коюптур. Өзү менен тили чыга элек кичүү сиңдим Гүлнараны гана алып кеткен экен. Ошондон бери апамды көргөн жокмун", — дейт Тамара.

Аялдын айтымында, ушу күнгө чейин апасынын келбети, жыты анын эсинде. 

"Бизди таштап кеткени үчүн апамды эч күнөөлөбөйм. Мен анын көргөн күнүн кантип унутайын. Бизди таштап кетүү канчалык оор болгонун да билем", — дейт Исраилова.

Тамара иниси экөө балалыктын бактылуу доорун анчейин сезбегенин кошумчалады. Апасы кеткенден кийин бир нече жылдан соң чоң энеси, көп өтпөй атасы да өлүп калган.

"Биз таптакыр эле чоочун адамдар менен жашадык. Апамды кичине чоңоё түшкөндөн баштап издедим. Бирок колумда апамдын жок дегенде кичинекей да сүрөтү жок эле", — деп ой бөлүштү маектеш.

Үмүт шооласы

Учурда Тамара Исмаилова төрт балага апа, төрт небереге чоң эне, таяне болгон кези. Апасы Наталья да балким бизди издеп жаткандыр деген үмүт менен "Жди меня" программасын калтырбай көрүп келген. 

"Апама издөө салууга мага гезиттен окуган Залина аттуу аял менен уулу Сальвадордун окуясы чындап түрткү берди. Апамды табууга жардам беришет деген үмүт пайда болду. Өзүбүздө ушундай кызмат бар экенин билгенде аябай кубандым", — дейт Тамара.

Тамара Исраилованын энеси Наталья Одудованы издөө тууралуу арызды үстүбүздөгү жылдын февраль айында Кызыл жарым ай коомунун Жалал-Абаддагы өкүлүлүгү каттаган. Ал эми жарым жылдан кийин издөө иштери оң жыйынтык менен аяктаган.

"Наталья Владимировнанын табылганы тууралуу билгенде Тамара аз жерден эсин жоготуп кое жаздады. Алгач Россиядан издегенбиз, анткени Наталья ошол жакка кетти деген ой болгон. Бирок социалдык тармактардын жардамы менен аны Казакстандан таптык", — дейт долбоордун координатору Салтанат Абдыжапарова.

Эңсеген эне жыты…

Тамара Исраилованын апасы Наталья ащыр 65 жашта. Кыргызстандан кеткенден киийн турмушка чыгып, Сергей аттуу уулдуу болгон. Дал ушул Сергей улуу эжесин чыдамсыздык менен күтүүдө.

Тамара Исраилова кичүү кызы Нурзат менен узак, бирок бактылуу сапарга жөнөдү. Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери программанын эсебинен аялга билет сатып берип, Семей шаарына чейин баруучу поездге салып ийишти. Бүгүн үй-бүлөнүн башы биригет. Тамараны кызы менен Казакстандагы Кызыл жарым ай коомунун кызматкерлери менен бирге Сергей тосуп алат.

Тамара өзү менен кошо улуттук кийим-кече, жер-жемиш жана өзүнүн колунан чыккан балды белекке алып бара жатат. Эң башкысы, ал энеге болгон чексиз кусалыгы, аруу балалык сүйүүсү менен бара жатат. Бул сүйүү эми аны өмүрүнүн акырына чейин коштоп жүрөт…

2635
Белгилер:
Кызыл жарым ай коому, Тамара Исраилова, Жалал-Абад
Тема боюнча
Бишкекте дайынсыз жоголгон 27 адам табылды
Муниципалдык кызматкер карды тазалап жатат. Архив

Ишембиге карата аба ырайы

23
23-январга караган түнү көпчүлүк аймактарда мезгил-мезгили менен кар жаайт. Жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоолуу райондорунда кар көчкү түшүүсү ыктымал. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. Ишембиде күндүз республика боюнча жаан-чачын күтүлөт. Жолдорго муз тоңуп, тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

Абанын температурасы Чүй облусунда -4…-9, Таласта -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында 0…-5, Ысык-Көл жергесинде -2…-7, Нарын өрөөнүндө -8…-13 градус болору айтылды.

Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте -5…-7, Ош шаарында -2…-4 градус болот.

23
Белгилер:
Кыргызстан, январь, аба ырайы
Тема боюнча
Абайлагыла, сак болгула! Айдоочуларга эскертүү берилди
Пишпек уездик Аткаруу комитетинин төрагасы Иманалы Айдарбеков кызы Рафа менен. Архив

Улуу кызы киши колдуу болуп, кичүүсүн качырып. Иманалы Айдарбеков жөнүндө 10 факты

294
(жаңыланган 21:33 22.01.2021)
Кыргызстандын түптөлүшү үчүн бир топ кишинин эмгеги жумшалган. Азыр барк-баасын билип-билбей, баалап-баалабаган мамиле менен "эркелеп" жашап жаткан мекенибиздин эгемендүүлүгү үчүн өмүрүн аябаган дагы бир адам бар. Ал — Иманалы Айдарбеков.

"Мындан жүз жыл мурда мамлекеттүүлүк үчүн күрөшүп, биздин аймакта жашаган элди бир чамгарак алдына бириктирүү маселеси жаралган. Өз мезгилинде чоң таятам Иманалы Айдарбеков жолдоштору менен биргеликте өзүнчө автономдуу республика түптөөгө жетишти. Ал жогорку билимдүү, алысты көрө билген, даанышман мамлекеттик ишмер болгон. Айдарбеков элдин башын бириктирип, кыска мөөнөттүн ичинде мамлекеттин түзүлүшүн калыптандырып, борбор шаарды азыркы Бишкектин аймагына которгон. Калкка кызмат кылуу — анын бирден-бир милдети болчу. Бул үчүн ал өз өмүрү менен да кош айтышкан...".

Бул Иманалы Айдарбековдун чөбөрөсү, экс-министр Чыңгыз Айдарбековдун жазганы.

Sputnik Кыргызстан агенттиги ысымы тарыхта алтын тамгалар менен жазылып калган, кыргыз интеллигенциясынын каймактарынын бири Иманалы Айдарбековдун өмүрүндөгү урунттуу учурларга кайрылып, анын оор жана маңыздуу турмушу тууралуу факты даярдаган. Материалды даярдоого Иманалы Айдарбековдун небере келини Зифаргүл Айдарбекова (аны кээ бир басылмалар небере кызы деп жаңылыш жазып жүрүшөт - ред.) жана чөбөрөсү Чыңгыз Айдарбеков жардам берди.

Билим алуусу. Иманалы Айдарбеков 1884-жылы азыркы Сокулук районунун Жал айылында жарык дүйнөгө келет. Атасы Айдарбек Турдин Күнтуу болуштугунда манап болгон. Кичинекей Иманалынын зиректигин байкаган атасы уулунун билимдүү болушун көздөп, аны орус-тузем мектебине окутат. Кийин ал билимин тереңдетүү максатында Пишпек айыл чарба мектебин да аяктайт. Андан нары Ташкенттеги гидротехникалык техникумда үч жыл билим алган соң атасынын дүйнөдөн кайткандыгына байланыштуу окуусун таштоого мажбур болот. Анткени атасынын ордуна ошол аймактагы элге баш-көз болуу анын милдети эле.

Эмгек жолу. Иманалы Айдарбеков алгач Пишпек уездинин генерал-губернаторунун жардамчысы жана котормочу болуп эмгектенет. Кийинчерээк "Алыш ордо" партиясын түзүүгө катышат. Айдарбеков өзү манаптын уулу болгондугуна карабай советтик бийликтин орношуна зор салым кошуп, мамлекеттик ишмер катары таанылган. 1918-жылдын башында РКП(Б)га мүчөлүккө өтүп, бара-бара Пишпек шаардык уездинин кеңешинин мүчөсү катары ага төрагалык милдет тагылат. 1924-жылы Кара Кыргыз автономиялуу облусунун Ревкомунун төрагасы болуп дайындалат.

Үй-бүлөсү. Иманалы Айдарбеков жубайы  Кичкен Айдарбекова менен кантип таанышып, экөө качан баш кошкону тууралуу маалымат жок. Кичкен апа Сокулук районунун Байгелди айылында туулуп-өскөн. Жубайлар Токтобүбү жана Рапия аттуу эки кыздуу болушат. Айдарбеков үйдөн үнүн бийик чыгарып сүйлөбөгөн, өтө интеллигенттүү адам болгон дешет. Китеп окуганды жакшы көргөндүктөн үйүндө чоң китепканасы бар эле. Ошондой эле жылкы баласына жакын болуп, ата конушунда мал да кармачу экен.

Жан чыдагыс кыйноо. Иманалы Айдарбеков кан жыттанган кара келтекке тушугуп, 1937-жылы 53 жашында камакка алынат. Аны совет бийлигин орнотууда чогуу иштеп, кыргызга жан-алы калбай кызмат кылган Жусуп Абдрахманов, Абдыкадыр Орозбеков, Баялы Исакеев, Төрөкул Айтматов, Касым Тыныстанов өңдүү санаалаш адамдарына каршы үгүттөп, "кыргыздын саткындары" деп жазып бересиң" деп кыйноого алышат. Айдарбеков бир жыл бою түрмөдө сабалып, азап чеккен.

"Алаш" партиясынын душмандарынын бири Рахманкул Худайкуловдун жалган жалаасы менен Айдарбеков бардык кызматтан алынгандыгы тууралуу Рафа Айдарбекованын айткандарын Зифаргүл апа баяндап берди. 

Кыргызстандын тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков. Архивдик сүрөт
© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев
"1937-жылы кооптуу түндөрдүн биринде Ички иштер эл комиссариаты (НКВД) чүмбөттөлгөн автоунаасы менен келип, Иманалы Айдарбековду үйүнөн алып кетишкен экен. Үй-бүлөсү анын каякта экендигин жана ага эмне болгондугун билген эмес. Бир жыл бою түрмөдө кыйнап, шылдыңдап, жалган айыптоо кагазына кол коюусун талап кылышкан. Болбосо атып саларын айтып коркутушат. Бирок Айдарбековду майыштырып, айтканынан баш тарттыра алышпаптыр", — деп баяндап берди келини Зифаргүл Айдарбекова.

Эгер Айдарбеков кордукчуларга макул болсо, анын абактан бошотуларын да айтышат. Бирок ал керт башынын, үй-бүлөсүнүн амандыгын эмес, мамлекеттин кызыкчылыгын жогору койгон.

Кызы киши колдуу болуп... Кийин камалып кеткенде кыйноонун талабына макул болбогондугу үчүн Иманалы Айдарбековдун үй-бүлөсүнө да мыкаачылык жасалган. Камалгандан көп өтпөй, 22 жаштагы улуу кызы, студент Токтобүбүнү сабактан чыгып келе жатканда өлтүрүп кетишет. Кыздын сөөгү эки күндөн кийин көчөдөн табылган. Бул бейкүнөө өлүм үчүн эч ким жооп берген эмес. Сиңдиси Рафа Иманалиевнанын эскерүүлөрүндө Токтобүбү Фрунзедеги Айыл чарба институтунда билим алып жаткан. Ал абдан боорукер, жумшак мүнөз, камкор кыз болгон экен.

Ошондой эле Айдарбековдун бир туугандарынын да көзүн тазалашкан. Энеси кичүү кызы Рафа Айдарбекованын өмүрүн сактап калуу үчүн аны Москвага качырат.

Актриса Айша Карасаева жана филолог Кусеин Карасаев. Архив
© Фото / предоставлено мемориальным музеем им К. Карасаева
"Апабыз кызын куткаруу максатында жакын санаалаш достору менен сүйлөшөт. Алар Рафаны Москвага кетүүчү поезддин алдындагы ит салуучу кутуга катып, алып кетишет. Москвага эптеп жеткен кыз ооруканага санитарка болуп орношот. Бейтаптарды карап, палаталарды жыйнап, оорулууларга тамак берчү экен. Анын тырышчаактыгын, эмгекчилдигин жана өтө кылдат кыймылдаганын байкаган Москванын биринчи мединститутунун кафедра башчысы андан жакшы врач чыгарын айтып, мединституттун дарылоо факультетине тапшырууга түрткү берген экен", — деди Зифаргүл апа.

Кийин Рафа Иманалиевна медицина тармагында белгилүү врач-хирург болуп чыга келет. 4-курста окуп жүргөндө согуш башталып, атасынын ак экенин далилдөө үчүн 1941-жылы өз эрки менен фронтко аттанат. Согуш талаасында жарадар болгон аскерлерге жардам берип, жеринде операция жасап, өлүмдөн арачалап отуруп Берлинге чейин жеткен. Согушта 1941-жылдан 1946-жылга чейин жүрүп, подполковник чини менен кайтат.

Атасынын өлүмүн иликтейм деп эсинен танып... "Апабыз 1946-жылы, согуш аяктаганда, мекенине кайтып келип атасынын атылып кеткенин угат. Иманалы Айдарбековду реабилитациялоо маселесин көтөрүп, Москвага бир нече ирет кайрылган. 1957-жылы гана Москвадагы аскердик коллегия кылмыштын курамы жок болгондугуна байланыштуу Айдарбековду актаган. Ушундан кийин гана Рафа Иманалиевна КГБнын жашыруун архивине кирүүгө уруксат алып, каматуунун себептери, сурактын жүрүшү жана атылышы боюнча документтер менен таанышат. Атасы менен тергөөчүнүн алгачкы сурактарындагы бир эпизодду айтып бергени эсимде. Тергөөчү адаттагыдай эле аны жолдошторун "эл душмандары" деп кол коюп бересиң деп кыйноого алат. Айдарбеков: "Мени атып салсаңар мейли, бирок мындай жалган жалаага эч качан кол коюп бербейм. Менин ишимди улантуучу жолдошторум ушулар", — деп жооп кайтарып туруп алат. Буга ачуусу келген тергөөчү колуна табуретканы алып, болгон күчү менен Айдарбековду башка чаап жиберет. Эс-учун билбей жатып калган Айдарбековдун башынан кан жая берет. Андан кийин тергөөчү: "Иманалы Айдарбековду кол койдурууга эч мүмкүн болбой жатат, муну тезинен жок кылуу керек", — деп басып кеткен экен. Мындай зулумдукту окуган апабыз кан күйгөн согушту көрүп келгенине карабай ошол жерден эсин жоготуп жыгылыптыр", — деди Зифаргүл Мусулманкуловна.

Иманалы Айдарбеков 1938-жылдын 5-ноябрында жергиликтүү шаардык абактын алдында атылган. Бул тууралуу үй-бүлөсү согуш бүткөндөн кийин гана билген.

Кичкен Айдарбекова көргөн азап. Күйөөсү камалып кеткенден кийин жетиштүү турмушка, элдин сый-урматына көнүп калган айым үчүн турмуш оңой болгон эмес. Ички иштер эл комиссариаты шаардын чок ортосундагы заңгыраган үйүн, кичи мекениндеги жер тилкелерин, мал жандыгын, баалуу буюмдарынын баарын дароо алып койгон. Кичкен апа кыздары менен көчөдө калган. Айла жок досторунукунда жашайт, иштейин десе "эл душманынын аялы" катары жумушка алынбайт.

"Кызы Рафа Иманалиевна фронтто өзүнө берилген тамактарын (тушенка, шоколад, консерва) чогултуп, апасына жиберип турчу экен. Кээ бир жибергендери жетпей да калчу деп айтчу эле. Кичкен апа 1946-жылга чейин кызынын согуштан кайтып келишин күтүп, анын үлпөт тоюна да күбө болгон. Ал киши небереси Азаматты көрүп, багып да калган экен", — деди келини Зифаргүл Мусулманкуловна.

Кичкен Айдарбекова 1948-жылы узакка созулган оорудан улам көз жумган.

Сөөгү туулган айылына жакын жашырылып... Иманалы Айдарбековдун сөөгү Абдыкерим Сыдыков, Касым Тыныстанов, Төрөкул Айтматов, Баялы Исакеев өңдүү замандаштары жана үзөңгүлөштөрү менен бирге өзү туулуп-өскөн Жал айылынан анча алыс эмес жердеги "Ата-Бейитке" коюлган. Бул тарыхый окуяга Рафа Айдарбекова да катышып, бул жагынан көөнү тынч кетет.

Уучу кур эмес - министр, профессор чөбөрөлөр. Иманалы Айдарбековдун небереси, Рафа Айдарбекованын уулу  Азамат Айдарбеков белгилүү хирург болуп, докторантураны Москва шаарында Россиянын Илимдер академиясынын онкология борборунда аяктаган. Ал 2005-жылы оорудан каза тапкан. Келини Зифаргүл Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Азыркы тапта Медициналык академиянын гистология кафедрасынын жетекчиси. Ал эми алардын кызы Айжан Айдарбекова да медицина илимдеринин доктору, профессор. Анын уулу — Иманалы Айдарбековдун чөбөрө жээни Чыңгыз Айдарбеков КРдин мурдагы тышкы иштер министри.

Кызынын керээзи. Рафа Айдарбекова Бишкектин бир көчөсүнө атасынын атын койдуруп, эстелигин тургузууга абдан далалат жасайт. Бирок бул маселе убагында ишке ашкан эмес. Ошондой эле өзү чоңойгон үйдү, атасынын Бишкектин Биринчи май (азыркы Раззаков) көчөсүндө жайгашкан тамын музейге айлантуу тилеги бар эле.

"Көзү тирүү кезинде мени атасынын үйүнө ээрчитип барып көрсөтүп: "Ушул үйдө чоңойгом, үйдү кайтара албай жүрөм. Эгер көзүм өтүп кетсе, Иманалы Айдарбековдун үй-музейи кылгыла", - деп айткан. Бирок ушу кезге чейин ишке ашыра албай келе жатабыз. Мамлекеттин балансындагы эле үй-музей кылуу максатыбыз бар. Азыр башка кишилердин колуна өтүп кетиптир", — деди Зифаргүл Айдарбекова.

Рафа Айдарбекова 1996-жылы каза болор алдында келини Зифаргүлгө атасынын ишин аягына чыгарууну керээз кылат. Келини болгон күчүн жумшап, бала-бакырасы менен 2010-жылы "Иманалы Айдарбеков атындагы фондду" негиздеп, 2014-жылдын августунда эстелик койдурууга жетишип, "Биринчи" аттуу китебин чыгарышат.

294
Белгилер:
Чыңгыз Айдарбеков, мамлекет, факты, Иманалы Айдарбеков
Тема боюнча
Кыргыздын салт-санаасын жайылтты деп жектеп... Константин Юдахин тууралуу 10 факты
УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев. Архив

Абдил Сегизбаев ага козголгон кылмыш иши боюнча үн катты

5
(жаңыланган 22:10 22.01.2021)
Сегизбаев кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп шектелүүдө.

БИШКЕК, 22-янв. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Абдил Сегизбаев ага карата кылмыш иши козголушу боюнча маалымат жыйын берди.

Эске салсак, Сегизбаев Аламүдүн райондук администрациясынын жана Аламүдүн районунун Таш-Мойнок айыл өкмөтүнүн кызмат адамдары менен мамлекеттин өзгөчө коргоосундагы жайыт жерлеринин бүтүндүгүнө кол салган деп шектелүүдө. Ага Жазык кодексинин 319-беренеси ("Коррупция") боюнча кылмыш иши козголду.

"Мага коюлган берененин эч бир негизи жок. Коррупция деген такыр башка түшүнүк. Анда кызматкер материалдык пайда көрүү үчүн атайын иш-аракеттерди жасайт. Ал эми Башкы прокуратура мени кызмат адамдары менен жайыт жерлерин мыйзамсыз трансформациялаган деп айыптоодо", — деди.

Ал 2008-жылы жайытты ижарага алып иштеткенин айтып, жашыл китебин көрсөткөн. Ал убакта эч бир мамлекеттик кызматта иштебегенин да билдирген.

Ошондой эле Сегизбаев ашыкча байлыгы жок экенин айткан.

"Атамдын Кой-Таштагы үйү мага катталган. Аны эки жыл мурун чоң атасын эстеп жүрсүн деп уулума берүүнү чечкенбиз, бирок балам бойго жете элек. Биринчи батиримди студент кезде эле алгам. Азыр ошол атамдын үйүндөбүз, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп жатабыз", — деди Сегизбаев.

Ал эми президенттик компанияны багбанчылык жана мал чарбачылыгынан түшкөн кирешеден каржылаганын кошумчалаган. Мамлекеттик кызматка киришкенден кийин бул тармакты эжесинин башкаруусуна өткөрүп бергенин айткан.

5
Белгилер:
кылмыш иши, Абдил Сегизбаев, УКМК
Тема боюнча
Боронов сурактан чыгып, Финпол эмнеге чакырганын айтып берди
Атаандаштарын артта калтырган Садыр Жапаров тууралуу 14 факты