"Азаттык" партиясынан эки талапкер тизмеден алынды

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүБош кресло. Архив
Бош кресло. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Медер Токтосунов менен Шамбет Кубатбеков партия тизмесинен "Азаттык" саясий уюмунун арызынын негизинде алынды.

БИШКЕК, 18-сен. — Sputnik. "Азаттык" партиясынан эки талапкер Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими менен уюмдун тизмесинен чыгарылды.

БШК Самаковду, Чудиновду, Айдаралиевди кылмыш жообуна тартууга макулдук берген жок
4-октбярда өтө турган парламенттик шайлоого 14 партия катышат. Буга чейин бир нече партия айрым талапкерлеринен кол жууган.

"Азаттык" партиясынын тизмесинен Медер Токтосунов менен Шамбет Кубатбеков чыгарылды. Чечим БШК тарабынан партиянын арызынын негизинде кабыл алынган.

"Шайлоо жөнүндө" мыйзамдын негизинде саясий партиялар 1-октбярга чейин талапкерлердин тизмесине өзгөртүү киргизе алат.

Жаңылыктар түрмөгү
0