Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө президент 100 миң сом бөлдү

Жазылуу
Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов 17-сентябрь күнү жүрөгү токтоп каза болгон.

БИШКЕК, 19-авг. — Sputnik. Эрмек Мойдуновдун үй-бүлөсүнө президенттин фондунан 100 миң сом материалдык жардам берүү боюнча буйрукка өлкө башчысы Алмазбек Атамбаев кол койду. Бул туурасында президенттин маалымат кызматы билдирди. 

Гвоздика гүлү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргыз эл артисти Эрмек Мойдунов дүйнө салды
Чыгаан артистти акыркы сапарга узатуу зыйнаты, бүгүн 19-сентябрда Токтогул Сатылганов атындагы улуттук филармонияда өттү.

Эрмек Мойдунов "Сары-Ой", "Эне жөнүндө баллада", "Күйдүм чок", "Сары-Челек" ырларынын мыкты аткарган. Ал 1944-жылы Ош облусунун Жапалак айылында төрөлгөн.

Кыргыздын алгачкы тенор үндүү ырчыларынын бири Мойдунов 21 жашынан баштап филармонияда иштеп, Зейнеп Шакеева, Рыспай Абдыкадыров, Гүлмайрам Момушева сыяктуу залкарлар менен эмгек жолун баштаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0