Москва шаары, кызыл аянт. Архив

"Патриоттор" скинхеддерден бешбетер үшүбүздү алып койду Москвадагы мигрант кыз

1051
(жаңыланган 11:07 21.09.2015)
Россиядагы Кыргызстандын ИИМнин өкүлүнүн айтымында, колго түшкөндөн кийин "Патриоттор" бир нече беренелер боюнча айыпка илинчүдөй. Ал пайда болгон мезгилинен бери ур-токмокко алган бир нече видеолорду интернетке таратып, көп кыз-келиндердин үшүн алган.

БИШКЕК, 19-сен. — Sputnik. Жакында эле Москва шаарында "Патриот" зордукчулар тобунун мүчөсү деген шек менен кармалган кыргызстандык жарандын артынан топту колго түшүрүү боюнча иш активдүү кетчүдөй болуп турат. 

Москва шаарынан Кыргызстандын Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгүнүн жетекчиси Аскат Алиев топтун мүчөлөрү жакын арада кармалат деген маалымат берди. Бирок бул жаатта жабырланган кыздарды табуу кыйынга туруп жаткандыгын кошумчалады. 

"Патриот" тобу негизинен Екатеринбург шаарында жүрөт экен. Кеп алардын кордук көргөн кыз-келиндер милицияга кайрылбай жаткандыгында болууда. Биз интернетке чыгып кеткенден соң гана кыздарды издеп жатабыз. Маселен, алардан ыдык көргөн баткендик кызды Екатеринбургдан араң таптык. Иш жүрүп жатат. Жакында аларды кармайбыз", — деди Алиев. 

Анын айтымында, колго түшкөндөн кийин, "Патриоттор" бир нече беренелер боюнча айыпка илинчүдөй. 

Кыздар демекчи, Sputnik дал ошол Москва шаарында жашап, иштеп жаткан кыздарды кепке тартты. 

"Андай "Патриотторду" интернет баракчаларынан эле көрүп, укпасам, беш-алты жылдай жүрүп Москвада өз көзүм менен күбө болгон жокмун. Жеке пикиримде аялзатын өзгө журтта уруп, согуп, видеого тартып, ааламторго жүктөө бул — акмакчылык, түшүнүктүн тардыгы", — деди Москвада иштеп жүргөн Анипа Саидова (аты өзгөртүлдү).

Анткен менен "Патриоттордун" пайда болушу менен Россиянын шаарларында, анын ичинде Москвада иштеп жүргөн кыздардын чочулоосу, кооптонуусу пайда болгон. Алардан кыз-келиндер скинхеддерден кем калбай корко турган болуп калышканын маектешибиз төмөнкүчө айтып берди.

"Патриоттордун" жасап жаткан иштерин угуп, шумдуктуудай видеолорун, жасаган кордуктарын көргөндөн кийин кооптонуу жаралбай койбойт экен. Анткени, биз көп улуттуу, орустардын борбору — Москва шаарындабыз. Иш жүзүндө, башка маселерде ар кайсы улуттардын жарандары менен баарлашканга туура келет. Анан ошол пикирлешкен адамың, же болбосо иштеген шеригиң башка улуттун өкүлү, анын үстүнө эркек болуп калса андан бетер чый-пыйың чыгат. "Патриоттор" көрүп, дароо жаман ойго албасын да, бир балээге аралаша кетпейин деп, алыстаганга шашабыз", — деп ымандай сырын айтты Анипа. 

Кыздарды кордоп, бирок жүзүн жашырып ачыкка чыгууга эрки жетпеген "Патриоттор" туурасында чет өлкөлөрдө жүргөн кыргыз улутундагы эркек балдардын пикирин сурап, кепке тарттык. Малайзиядагы жогорку окуу жайлардын биринде окуп жаткан Дастан Мамытов патриот болуп көрүнүп, кыздарды кордогондук жигитчиликке жатпасын айтат. Бул юридикалык жактан да мыйзамсыз деген пикирде.

"Өзүн "патриот" деп атап алгандардын буга чейинки кылыктары туура эмес жана мыйзамсыз. Биринчиден, тарбиялоонун жолу ур-токмок менен чечилип кетет деп ойлобойм. Ошол кыздар Россияга, анын ичинен Москва шаарына тиричилик кылуу, иштеп акча табуу үчүн барышат. Ал кишилер чоочун бирөөлөрдүн жеке турмушуна киришүүгө акысы жок. Алар ошондой күчтүү болушса, өздөрүн жигитче алып жүрүп, жүзүн ачык көрсөтүп, башкаларга үлгү болгудай иштерди жасаганы туура болмок", — деди Мамытов.

Ал "патриот" атангандар мындай зордукчулдугу менен Кыргызстандын атын жаманатты кылып, жапайы катары көрсөтүп жатат деген пикирин кошумчалады.

ИИМдин маалыматында, бул зордукчул уюмдун пайда болгонуна үч жылга жакындап калды. Ал арада бир нече видеолорду интернетке таратып, көп кыз-келиндердин үшүн алган. 

Россиялык ЖМКлардын маалыматында, алардын туруктуу саны 15 кишинин тегерегинде жана негизинен аймакташ болгон региондордун өкүлдөрүнөн куралган.

1051
Белгилер:
ИИМ, "Патриот" уюму, Аскат Алиев, Дастан Мамытов, Россия
Тема боюнча
Мигранттардын Россияда жүрүүсүн мыйзамдаштырууга аз эле убакыт калды
"Кара тизмеден" 10 миң кыргызстандык мигрант чыкты
Pfizer вакцинасы. Иллюстративдик сүрөт

ЖМК: Pfizer вакцинасын жарактуу деп тапкан агенттик кысымга учураган

4
(жаңыланган 13:18 18.01.2021)
Интернетке Pfizer-BioNTech вакцинасынын жарактуу деп бекитилишинен шек санаткан маалыматтар чыгып кетти. Анда айтылгандардага караганда, препаратты айрым кемчиликтерине карабай, шашылыш түрдө даяр деп жарыялап коюшкан.

Лиз Барнео

Уурдалып, интернетке жарыяланып кеткен маалыматтар боюнча Pfizer-BioNTech вакцинасын жарактуу деп бекитип берген агенттик мындай чечимди кысым көрсөтүүлөрдүн алдында кабыл алган.

Вакцина тууралуу документтер Европанын дары каражаттары агенттигинен (ЕДКА) уурдалып, декабрь айында жарыяланган. Маалыматтар франциялык Le Monde басылмасына жетип, европалык журналисттер тобу иликтеп көрдү.

Папкада Pfizer-BioNTech препаратынын кантип бекитилгендиги боюнча 20 бөлүмдөн турган документтер камтылган. Алардын ичинде аталган агенттиктин жооптуу кызматкерлери жазган 19 кат бар. Анын ичинен беш кат препараттарды бекитүү процесси айрым эрежелерди бузуу менен ылдамдатылганын далилдеп турат.

12-ноябрдагы жазылган катта ЕДКАнын бир кызматкери Европа биримдигинин (ЕБ) саламаттык сакттоо боюнча комиссары Стелла Кириакидес менен сүйлөшүүсү боюнча айтат.

Анда Кириакидес "Европанын бардык мамлекеттери бир учурда вакцина алышы керектигин" айтып, аны расмий бекитип берүү процесси ылдамдатылышы керектигин билдирет. Ошол эле учурда эгер эпидемия болуп кетсе, ЕБдин курамына кирген өлкөлөр препаратты ЕДКАнын жактыруусу жок эле пайдалана берерин айткан.

19-ноябрь күнү агенттиктин жогорку кызматты аркалаган өкүлү Европа комиссиясында "өтө оор атмосферада өткөн" жыйын тууралуу кат жазган. Анда вакцинанын канчалык деңгээлде даяр экенине карабай бекитип бербесе, ЕДКА бир топ көйгөйлөргө кабылары айтылган.

Ошол эле аткаминер эртеси күнү Даниянын дары-дармектер агенттигине кат жолдогон. Анда "Европа комиссиясынын төрайымы Урсула фон дер Ляйен Pfizer-BioNTech жана Moderna препараттары жылдын аягына чейин бекитилет дегени мени таң калтырды. Экөөндө тең азырынча кемчиликтер бар" деп баяндаган.

Мындан кийин кандай көйгөйлөр бар экени айтылат. Тагыраагы, Pfizer-BioNTech вакцинасынын кемчиликтери жөнүндө сөз болот.

Ноябрь айында аталган агенттик вакцинанын мынчалык эрте чыгып кетишине карата төмөндөгүдөй үч каршы пикирин айткан:

  • айрым өндүрүү аянттарынын жарактуулугу боюнча макулдашуулар жок;
  • коммерциялык жол менен берилчү вакциналар боюнча маалымат жок;
  • эң негизгиси, коммерциялык жол менен берилчү вакцина менен клиникалык сыноо учурундагы вакциналардын сапаты боюнча айырма чыгып калышы.

Дал ушул акыркы пункт препараттын сапатын текшерип жаткан тарапты түйшөлткөн.

"Чекеге чыккан чыйкан"

Чындап эле клиникалык сыноо болуп жаткан учурдан тарта вакцина массалык өндүрүлө баштаганга чейин бир топ өзгөрүүлөр болгон. Мисалы, башка заводдор ишке кирип, санды көйбөйтүү талабы коюлган. Дал ушул өзгөрүүлөр вакцинанын курамында рибонуклеин кислотасынын (РНК) көлөмү азайып калышына себепкер экени айтылат. Ал эми бул зат органзимге кирген соң иммунитетке вирусту таанып, ага каршы турууну үйрөтөт.

Рибонуклеин кислотасынын көлөмү клиникалык сыноо учурундагы препараттарда 69-81 пайыз болсо, сатыкка чыккандарда орто эсеп менен 59 пайыды түзгөн. Атургай айрым партияларында бул көрсөткүч 51-52 пайызга түшүп кеткен учурлар болгон. Агенттикти дал ушул түйшөлтүп жаткан.

Мындан улам РНКнын азыраак болуп калышы, анын эффективдүүлүгүнө кандай таасир этет жана бул дегеле организмге кооптуу эмеспи деген суроо пайда болот.

20 жылдан бери РНК вакциналар менен иштеп келе жаткан Цюрих университетинин алдындагы оорукананын адиси Стив Пасколо бул препаратты текшерип жатканда РНКсы айрым учурларда аз болсо, айрым учурда, тетиринче, көп болуп кеткен мисалдар бар экенин айтат.

"Көп болуп калса дагы кыйын, вакцинанын иштөө процесси татаалдап кетет", — деди ал.

Бирок ЕДКА берген отчётторунда бардык вакциналардын курамынын туптуура 62 пайызы РНКдан турары айтылган.

Анткен менен АКШнын Тамак-аш жана медикаменттерди көзөмөлдөө боюнча башкармалыгы мындай кемчиликтер менен препараттын шашылыш түрдө жарактуу деп кабыл алынып калышын байланыштырбоо керектигин айтат. "Бул көзөмөлдөөчү органдар менен өндүрүп жаткандардын кемчилиги. Негизи ЕДКА берген уруксат вакцинанын өзүнө толугу менен берилген жок. Аны убактылуу колдонууга берилди. Демек, дагы деле препараттарга талап, чектөөлөр күч. Бул нерсе кайсы бир регионго сапатсыз вакцина түшүп калышына жолтоо болот", — деп айтылат каттардын биринде.

"Каршы туруу"

26-ноябрь күнү BioNTech жана Pfizer компаниялары ЕДКАга жооп беришкен. Докладда ар кайсы өндүрүш жайлары текшерилгенин айтып, чындап эле РНКнын көлөмүн эң аз дегенде 60 пайызга көтөрүү керектигин кошумчалашкан.

Бирок вакцина өндүрүүчүлөр кийин Comirnaty вакцинасы боюнча докладында РНКнын көлөмү анын эффективдүүлүгүнө таасир тийгизбеши керектигин жана зыянсыз экенин жазышкан.

Мындай пикир ЕДКАны ынандыра алган эмес, анткени акыркы билдирүүлөрдө дагы препараттардын кемчилиги боюнча айтып берген. Көп өтпөй агенттик менен өндүрүүчү компаниялардын каты жарыяланган.

"Биз муну чоң кемчилик катары карап жатабыз. Андыктан продукцияны көзөмөлдөө боюнча мындан дагы катуу стратегия болушу керек. Докладдардын биринде өндүрүш убагында түзөтүүлөр киргизилген учурда РНКнын көлөмү 75 пайызга чыгышы мүмкүн экенин айтыптырсыңар. Бирок бул дагы клиникалык сыноо учурундагы колдонулган вакциналардын курамына туура келбей жатат", — деп жазылган ЕДКАнын катында.

15-январь күнү BioNTech менен Pfizer өндүрүш кайрадан кечиктирилип жатканын жар салып, керектүү көлөмдө вакциналар Бельгиянын Пурс шаарындагы заводдо жасалып жатканын кошумчалашты.

Акыры Европанын дары каражаттары агенттигинен компаниялар РНКнын көлөмү боюнча көйгөйдү чече алганын билдиришти.

4
Белгилер:
вакцина, коронавирус, Европа
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
Россияда COVID-19га каршы жапырт эмдөө башталды. Каалагандар бекер алышат
"Спутник V" Африкага жетти. Россиялык вакцинага эмнеге мынча ишеним артылууда
Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеев. Архив

Аспеков Жапыкеевге 50 миң доллар берүүгө камынганбы? Финпол жооп берди

66
(жаңыланган 13:03 18.01.2021)
Азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүрөт, ал тууралуу айтылган кептер карандай калп.

БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматынын төрагасы Сыймык Жапыкеевдин айланасындагы кептер боюнча аталган органдын маалымат кызматы комментарий берди.

Белгилей кетсек, айрым ЖМКлар "Кыргыз темир жолу" ишканасынын жетекчилигин опузалап 250 миң доллар талап кылды деп кармалган Мелис Аспеков өз көрсөтмөсүндө 50 миң долларын Жапыкеевге бермек болгонун айтканын жазган. Ошондой эле Финполдун төрагасы жакында камалары туурасында кеп тарады.

Финполдун маалымат кызматы айтылгандардын баары тастыкталбаган, карандай калп экенин билдирди.

"Учурда Финансы полициясы тарабынын коррупция, экономикалык жана финансылык кылмыштар менен күрөш тынымсыз жүрүп жатат. Жогорку рангдагы аткаминерлер аралашкан резонанстуу кылмыштуу схемаларды аныктап, алдын алууда. Мындан улам биздин кызматтын жетекчилигине көө жабууга аракет кыла башташты. Андай учур дагы кайталанашы мүмкүн, бирок биз ишти токтотпойбуз. Эң башкысы — элдин ишеними жана колдоосу керек", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Аспековдун көрсөтмөсүндө айтылгандар чындыкка дал келбей турганы белгиленет.

Маалымат кызмат азыркы тапта Жапыкеев Бишкек ТЭЦинин ишин текшерип жүргөнүн кошумчалады.

66
Белгилер:
ушак, көрсөтмө, финансы полициясы, Сыймык Жапыкеев
Тема боюнча
Жапыкеев: пандемияда иштеген аткаминерлердин баары сурак берип, көбү камалат
Илдетим күчөп кетти. Финполдун башчысы Сыймык Жапыкеев ооруканага түштү