Курман айттан улам кыргыз-кытай чек арасы жабылат

© ФотоЧек ара кулпу менен. Архив
Чек ара кулпу менен. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чек аранын "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары 2015-жылдын 24-28-сентябрь күндөрү жабылып, 29-сентябрда жарандардын өтүүсү, жүк ташуу кайра жанданат.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Кытайдын демилгеси менен кыргыз-кытай чек арасы беш күнгө жабыла турганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Курман айт жана Кытайдын улуттук майрамынан улам чек аранын "Торугарт-автодорожный" жана "Иркештам-автодорожный" өткөрүү пункттары 2015-жылдын 24-28-сентябрь күндөрү жабылат.

Көзөмөл пукттарынын иши кайра 29-сентябрь күнү жанданат.

Жаңылыктар түрмөгү
0