Воронежде Кыргызстандын консулдугу ачылды

© flickr.com / Grigory GusevВоронеж шаарынан көүнүш. Архив
Воронеж шаарынан көүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Консул болуп кыргыздардын "Мурас" коомдук уюмунун президенти Талантбек Намазбеков дайындалды.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Россиянын Воронеж облусунда Кыргызстандын  консулдугу ачылганын КРнын аталган мамлекеттеги элчилиги билдирди. 

Маалыматка ылайык, Кыргызстандын Россиядагы элчиси Болот Жунусов алгач Воронеж облусуна барып, губернатордун орун басары Андрей Ревков менен жолугушту. Анда эки тараптуу экономикалык, маданий жана билим берүү жаатындагы кызматташуу талкууланды.

Россия элчиси: кризиске карабай Кыргызстандагы долбоорлор үчүн каражат аяган жокпуз
Элчи Воронеждин борбордук аянтында шаар күнүнө карата куттуктоо сөзүн сүйлөдү.

Андан соң Ревков менен Жунусов облуста жаңы консулдуктун ачылуу салтанатына катышты. Консул болуп кыргыздардын "Мурас" коомдук уюмунун президенти Талантбек Намазбеков дайындалды.

Ошол эле күнү Жунусов кыргыз диаспорасынын өкүлдөрү жана Россия Коргоо министрлигинин аскердик-аба академиясында билим алып жаткан кыргызстандык курсанттар менен жолукту. 

Мындан тышкары, 20-сентябрда кыргыз делегациясы жергиликтүү администрация өкүлдөрү менен биргеликте Советтер Союзунун баатыры Чолпонбай Түлөбердиевге жана Улуу Ата Мекендик согушта курман болгондорго арналган иш-чараларга катышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0