Жумгалдагы баланын өлүмү: чатактын себеби салыкпы же кыркылган чачпы?

© Sputnik / Сергей Ещенко / Медиабанкка өтүүОрто мектептин бөлмөсү. Архив
Орто мектептин бөлмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөт башчысы мектепке сабакка кетип каза болгон баланын өлүмүн териштирүү үчүн атайын комиссия түзүүгө тапшырма берди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы мектепте таяк жеп каза болгон баланы бүгүн жерге беришти, ал эми кылмышка шектүү делген 11-класстын окуучусу убактылуу кармоо жайында отурат.

Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы Турусбек уулу Султан атындагы орто мектептин 9-классынын окуучусу Эркинбек Жекшенбек уулу 19-сентябрда мектепте каза болгон.

Кырсыктуу окуя туурасында Билим берүү жана илим министрлиги бүгүн төмөнкүчө маалымат таратты.

"2015-жылдын 19-сентябрында, саат 10.30да танапис учурунда 11-класстын окуучусу Жайылбек Таалайбеков 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбекти мектептин короосунда жүрөк тушуна катуу Уруп жиберген. Эркинбектин классташтары тез арада мектеп администрациясына жана мугалимдерге билдиришип, ошол эле замат Чаек айылынын ооруканасына жеткиришкен, бирок бала эсине келбестен, тез жардам бөлүмүндө каза болуп калган", — деп айтылат маалыматта.

Жумгалдагы окуучунун өлүмүнүн себебин иликтөө Дамира Ниязалиевага тапшырылды
Министрликтин маалыматында чатактын эмнеден чыккандыгы айтылган эмес. Бирок атын атагысы келбеген ошол айылдык бирөө балдардын ортосунда чыр мектептеги тазалыктан, тактап айтканда, кадимки эле чачтан чыккандыгын Sputnik агенттигине айтат.

"Мектептеги президент, премьер-министр дегендери болот эмеспи. Уюштуруучусу (мугалим) 11-класстын окуучуларына балдардын сырткы көрүнүшүн тартипке келтиргиле, чачтары өсүп кетиптир, кырккыла дептир. 11-класстын окуучулары 9-класстын айрым балдардын чачын кыркып коёт. Чачы кыркылган беркилер мектепти бүтүп кеткен агаларына арызданышат да, ал балдар 11-класстын окуучуларына "наезд" кылышат. Эркинбекти чаап өлтүрүп алган бала мектептин жер төлөсүнө киргизип алып, эмнеге арызданасыңар деген маанайда "сүйлөшүп", андан муш жеген окуучу кулап түшүп жан бериптир", — деди ал.

Каза болгон Эркинбек Жекшенбек уулунун агасы аны бир нече бала урган деген маалыматты айтты.

"Бала мектептен токмок жеп каза болду. Сабак учурунда, 11-класстын балдары мектептин жер төлөсүнө тогузунчу класстын беш баласын алып кирип урган экен. Анын кесепетинен, Эркинбекти оорукана алып жөнөп, ал жакка жетпей калып, кайра артка алып келишти", — деди Бактыбек Исмаилов.

Ал мектепте мурдатан эле салык салуу боло жүргөндүгүн, мындан бир нече күн мурда да Эркинбектин таяк жегенин кошумчалады.

"Налог салышкан. Акча тап, тамеки, пиво, насвай алып кел дешкен. Мындан үч күн мурда да сабашыптыр, бала коркуп айтпай жүрө бериптир. Аны бүгүн мектепте чогулуш болгондо классындагы балдар айтып отурушат", — деди каза болгон баланын агасы.

Министрлик тараткан маалыматта "Жекшенбек уулу Эркинбек мурдатан эле жүрөк оорусу менен жабыркап жүргөндүгү да маалым болду" деп жазылган.

Бул туурасында баланын агасы андай маалыматтар туура эмес деп айтты.

"Эч жери оорубаган эликтей секирген бала болсо, алды-кийин ооруканага жатпаса, кантип оорудан өлдү деп айтып жатышат", — деди Исмаилов.

Мектеп окуучусунун каза болушу боюнча ИИМдин маалымат кызматынын өкүлү Эрнис Осмонбаев 11-класстын окуучусуна кылмышка шектүү деп иш козголуп, иликтөө башталып, ал Жумгал районундагы убактылуу кармоо жайына камалганын билдирди.

"Эртең соттун санкциясы болот. Убактылуу кармоочу жайда калтырып же үй камагына чыгарууну сот чечет", — деди ал.

Премьер-министр Темир Сариев эртең менен окуучунун өлүмүн териштирүүнү социалдык тармакты көзөмөлдөгөн вице-премьер Дамира Ниязалиевага тапшырды.

Ал эми бүгүн мектептен каза болгон 15 жаштагы Жекшенбек уулу Эркинбекти Кара-Ой айылында жерге беришти. Эркинбек жети бир туугандын экинчиси болгондугун, атасы оорудан былтыр көз жумгандыгын маркумдун агасы айтты…

Жаңылыктар түрмөгү
0