Сүт азыктары. Архив

Тараз шаарынын тургундары таластык дыйкандардын азык-түлүгүнүн даамын татты

60
(жаңыланган 09:56 22.09.2015)
Тараз шаарынын "Атакент-Тараз" базарында өтүп жаткан айыл чарба продукциясынын жармаңкесине таластыктар жашылча-жемиштен тышкары голланд сырын, малина кыямын, бал, балык, сары май алып барышкан.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Казакстандын Тараз шаарында өтүп жаткан эл аралык жармаңкесине Талас облусунун дыйкандары 270 миң тонна айыл чарба продукциясын алып барганын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү билдирди.

Маалыматка ылайык, жармаңке 19-сентябрда башталып, борбордук "Атакент-Тараз" базарында өтүүдө. 

Өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казыбек Медетбековдун билдирүүсүндө, Таластын дыйкандары жармаңкеге 2 миң тонна картошка, 20 миң тоннага жакын алма, алмурут, 50 миң тоннадан ашык жашылча жана башка көптөгөн айыл чарба продукцияларын алып чыгышкан.

"Жалпысынан азык-түлүк менен жашылча-жемиш 40тан ашык оор жүк ташуучу автомашиналарга жүктөлдү. Таластык дыйкандар менен фермерлер жармаңкеге алып чыккан продукциянын ичинде голланд быштагы, малина кыямы, бал, балык, сары май бар", — дейт Медетбеков.

Жармаңкенин ачылышына Айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев, Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүл Байышбек Жуманазаров, Жамбыл облусунун акими Карим Көкрекбаев катышты.

Учурда Таластан барган продукциянын 500 тоннага жакыны сатылганы айтылууда. 

Жармаңке 23-сентябрда аяктайт.

60
Белгилер:
айыл чарба продукциясы, айыл чарба, жармаңке, Талас, Тараз
Тема боюнча
Жашылча жана тоют: дыйкандар кайсыга басым жасашты
Студент сабак учурунда. Архив

Сурабалдиева ЖОЖ, мектеп, бала бакчалардын качан иштей турганын айтты

334
(жаңыланган 23:21 29.11.2020)
Өкмөттүн мүчөсү өлкөдөгү бала бакчалардын иши боюнча бир катар маселелери бар экенин белгилеп өткөн.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. Кыргызстандагы жогорку окуу жайлар жаңы жылдан кийин иштейт баштайт. Ал эми бала бакчалар боюнча айрым татаалдыктар бар. Бул тууралуу вице-премьер Эльвира Сурабалдиева соцтармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

​Суроо бергендерге жооп берип жатып өкмөт мүчөсү мектептерди ата-энелердин суранычынын негизинде ачуу маселеси турганын белгиледи.

​Сурабалдиеванын айтымында, азыр оору жайылып кетсе, илдетке кабылгандардын агымын тейлөөгө ооруканалар, тийиштүү кызматтар жетише алабы деген гана көйгөй турат.

"Ансыз деле ата-энелер улам бир мугалимге акы төлөп барып жатышат. Демек азыркыдай махинациянын зарылдыгы жок", — деп жазган чиновник.

Белгилей кетсек, республиканын айрым жерлеринде мектептер, бала бакчалар иштеп жатат. Эпидемиологиялык абал курч деген аймактарда гана окуу онлайн жүрүүдө.

334
Белгилер:
өкмөт, Эльвира Сурабалдиева, бала бакча, ЖОЖ, мектеп
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
Бишкектин кинотеатрлары качан ачылары айтылды
Бишкекте бир шарт менен компьютердик клубдардын ишин жандантуу каралууда
Лыжа базасында эс алуучу. Архив

Дүйшөмбүгө карата аба ырайы

63
30-ноябрга караган түнү өлкө аймагында абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 29-ноя. — Sputnik. 30-ноябрь, дүйшөмбүдө, күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаашы мүмкүн. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас, Нарын облустарында -3…-8, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында -4 …-9, Ысык-Көлдө -4…+1 градус болот.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын жаабайт. Күндүн табы борбор калаада -4…-6, Ош шаарында -1…+1 градуска жетет.

63
Белгилер:
Кыргызстан, ноябрь, аба ырайы
Тема боюнча
Декабрга карата аба ырайы. Тоолуу жерлерде суук 34 градуска жетет