Атамбаев: эл аралык байланыштар улуттук кызыкчылыктын негизинде түзүлүшү зарыл

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев и министр иностранн дел Эрлан Абдылдаев.
Президент Алмазбек Атамбаев и министр иностранн дел Эрлан Абдылдаев. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Министр жакында Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУнун Башкы ассамблеясынын 70 жылдык сессиясына Кыргызстандын делегациясынын катышуусу, ошондой эле башка делегациялардын башчылары менен пландаган жолугушуулар жөнүндө айтып берди.

БИШКЕК, 21-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташуу өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен гана ишке ашырылууга тийиш экенин тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаевди кабыл алуу учурунда билдирди.

Маалыматка ылайык, жолугушуунун жүрүшүндө аталган мекеменин учурдагы ишмердигине тиешелүү, ошондой эле өлкөнүн тышкы саясатындагы стратегиялык багыттарды мындан ары өнүктүрүүнүн маселелери талкууланды.

Алмазбек Атамбаев улуттук банктын жетекчиси Толкунбек Абдыгулов менен. - Sputnik Кыргызстан
Атамбаев УБ төрагасы менен валюта курсун талкуулады
Абдылдаев жакында Нью-Йорк шаарында өтө турган БУУ Башкы ассамблеясынын 70 жылдык сессиясына КРнын делегациясынын катышуусу, ошондой эле башка делегациялардын башчылары менен пландалган жолугушуулар жөнүндө айтып берди.

Министр Атамбаевдин Кытайга, Иранга, Казакстан жана Тажикстан мамлекеттерине болгон сапарларынын жүрүшүндө жетишилген макулдашууларды ишке ашыруунун жүрүшү туурасында маалымдады.

Өлкө башчы достук байланыштарды чыңдоо жана кызматташуу, анын ичинде эл аралык уюмдардын алкагында өнүктүрүү өлкөнүн улуттук жана экономикалык кызыкчылыктарын эске алуу менен гана ишке ашырылууга тийиш экендигин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0