Зилалиев ак-түздүктөр менен Куттуу-Сай-2 жана Калесай конкурсун талкуулады

© Sputnik / Виталий Безруких / Медиабанкка өтүүКарьер. Архив
Карьер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Элге кен иштегенден кийин социалдык пакеттердин түзүлүшү, конкурстан түшкөн каражаттын бир бөлүгү аларга которула тургандыгы түшүндүрүлдү.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Кеминдеги Ак-Түз айыл өкмөтүнүн жашоочуларына Кутту-Сай-2 жана Калесай кендерин иштетүүгө уруксат берүү боюнча өтө турган конкурстун жол-жоболорун Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчиси Дүйшөнбек Зилалиев түшүндүрүп берди. 

Куттуу-Сай-2ден сейрек кездешүүчү металлдардын кени, ал эми Калесайда бериллий кени чыгат. 

Онтарио соту Centerra Gold Inc. компаниясынын 2,7 млн. акциясын камактан чыгарды
Жолугушуу учурунда элге өкмөттүн аталган кен жайларын иштетүүгө конкурс жарыялоо боюнча токтомдун жоболору туурасында майда-чүйдөсүнө чейин айтып беришти. 

Агенттиктин кызматкерлери бул багытта социалдык пакеттердин түзүлүшү, конкурстан түшкөн каражаттын бир бөлүгү аларга которула тургандыгы жана кендерди иштетүүнү жөнгө салып турган бир катар ченемдерди түшүндүрүштү.

Жолугушуунун жыйынтыгында коомчулукка аталган конкурстун алкагында жана бул багыттагы иш-чаралар боюнча маалыматтарды тез-тез жана ачык берип туруу боюнча сүйлөшүлдү.

Жаңылыктар түрмөгү
0