Атамбаев: Курман айт ниетти тазартып, пейилди агартууга багыттайт

Жазылуу
Президент Курман айт көптү баштан кечирген көрөңгөлүү элибиздин уңгусун бекемдеп, кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырарын белгилеп, ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар аман-эсен кайтып келишин каалады.

БИШКЕК, 23-сен. — Sputnik. Муундан муунга уланып келаткан Курман айт майрамы ниетти тазартып, пейилди агартууга багыттайт, деп айтылат президент Алмазбек Атамбаевдин куттуктоосунда.

Быйыл Курман айт 24-сентябрга белгиленди. Бул күнү курмандык чалып, анын этин муктаж адамдарга таратып берүү сооп деп кабыл алынат.

Өлкө башчынын айтымында, бул ыйык күн кылымдан кылымга кастарланып келе жатат.

"Ушул күнү курмандык чалынып, кайрымдуулук, соопчулук иштери жасалат. Ата-бабаларыбызды, жакындарыбызды эскерип, улууларга урмат көрсөтүп, келечекке жакшы ниет кылабыз. Ылайым Алла-таала мекендештерибиздин кайрымдуулук иштерин кабыл кылсын", — деп айтылат куттуктоодо.

Президент Курман айт көптү баштан кечирген көрөңгөлүү элибиздин уңгусун бекемдеп, кайрымдуулукка, ыймандуулукка жана сабырдуулукка чакырарын белгилеп, ажылык сапарда жүргөн кыргызстандыктар аман-эсен кайтып келишин каалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0