Кыргызстанда өнөр жай силиконун өндүрүүчү завод курулат

© flickr.com / efealpayПроизводство силикона. Архивное фото
Производство силикона. Архивное фото - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Силикон машина куруу, медицина, косметологияда кеңири колдонуларын айткан компаниянын өкүлү курула турган завод акыркы илимий жана технологиялык жетишкендиктердин негизинде салына турганын белгиледи.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Республикада өнөр жай силиконун өндүрүүчү завод курууну вице-премьер Валерий Диль Schmid Silicon Technology GmbH компаниясынын өкүлү Вальдемар Лихтенберг менен макулдашты. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан заманбап технологияларды колдонгон жаңы өнөр жайларды куруп, республиканын потенциалын өнүктүрүүгө кызыкдар.

"Силикон өндүрүүчүа завод куруу боюнча Schmid Silicon Technology GmbH компаниясынын сунушу толугу менен биздин талапка жооп берет", — деди чиновник.

Өз кезегинде Лихтенберг силикон машина куруу, медицина, косметологияда кеңири колдонуларын айтып, Кыргызстанда курула турган завод акыркы илимий жана технологиялык жетишкендиктердин негизинде салына турганын белгиледи.

"Рыноктун силиконго болгон муктаждыгын эске алсак заводдун курулушу эки мамлекетке тең пайдалуу болот", — деди өкүл.

Диль аталган завод курула турган жер жакын арада аныктала турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0