Партиялар шаарды шайлоо бүткөндөн кийин тазаламай болушту

© Sputnik / Владимир Федоренко / Медиабанкка өтүүТашатандыны свалкага таштоо. Архив
Ташатандыны свалкага таштоо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мэр Кубанычбек Кулматов саясий партиялардын өкүлдөрү менен бирге Бишкек шаарында өтө турган үгүт иш-чаралардын графигин макулдашты.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов шайлоого аттанган партияларды үгүт өнөктүгүн мыйзам чегинде жүргүзүп, 4-октябрдан кийин карагайларга чапталган үгүт материалдарын жыйноого чакырды. Бул тууралуу шаардык муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, борбор калаанын башчысы 23-сентябрь күнү саясий партиялардын өкүлдөрү менен жолукту. 

Ишембилик учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мэрия өкүлдөрү саясий партиялар менен бирге ишембилик өткөрөт
Жолугушууда 14 партиянын Бишкек шаарындагы үгүт иштеринин графиги макулдашылды.

Кулматов өкүлдөргө үгүт өнөктүгүн мыйзам чегинде жүргүзүүнү, шайлоо бүткөндөн кийин шаардын ар кайсы жеринде чапталган үгүт материалдарын жыйнап-тазалоону эскертти.

Мындан тышкары, жаан-чачындан улам кийинкиге жылдырылган партиялар менен бирге өтүүчү ишембилик 4-октябрдан кийинки убакытка белгиленди.

Жаңылыктар түрмөгү
0