Кыргызстандын футболчуларын Австралияда сүрөөнгө алуу пландалууда

© Sputnik / Табылды КадырбековАвстралия менен Кыргызстандын беттешүүсүндөгү күйөрмандар. Архив
Австралия менен Кыргызстандын беттешүүсүндөгү күйөрмандар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
12-ноябрда Канберра шаарында Кыргызстан менен Австралиянын курама командалары беттешет. Оюн 2018-жылы боло турчу дүйнөлүк чемпионаттын тандоо раунддарынын алкагында өтөт.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Мельбурнда (Австралия) жашаган Наргиза Хакимова кыргызстандык күйөрмандарды Канберра шаарындагы стадионго чакырды. 12-ноябрда бул стадиондо Австралия менен Кыргызстандын курама командалары беттешет.

Командалар буга чейин Кыргызстанда беттешип, оюн 2:1 эсебинде австралиялыктардын пайдасына аяктаган болчу. 

Крестинин Тажикстан менен Бангладешке каршы ойной турган футболчуларды атады
Канберра шаарына учуп кетээрге чейин КР курама командасы Тажикстан жана Бангладештин командалары менен беттешет.

Хакимова Австралияда жашаган кыргызстандыктарды бириктирүү үчүн социалдык тармакта билдирүү тараткан. 

Ал ошондой эле, Кыргызстандан келип курама команданы сүрөөнгө ала тургандар болсо билгиси келерин айтат.

"Кыргызстандын эмблемасы түшүрүлгөн униформаларды жасатабыз. Анда "күйөрман" деген жазуу болот", — деди Хакимова.

Негизинен кыргызстандыктардын көбү Мельбурн, Сиднейде жашашат. Ал эми Канберрада алардын саны аз экенин Хакимова белгиледи. Дагы кыйынчылыктардын бири ал жакка барып келүүгө кеткен чыгым. Чыгымдар дээрлик 600 австралиялык долларды (30 миң сомдон ашык) түзөт. Андыктан баары эле бара албай турганын ал кошумчалады.

"Билеттер ушул жумадан тартып сатыкка чыгат. Анын баасы 60-95 австралиялык доллар (3 — 4,5 миң сом) болору айтылууда. Мельбурндан Канберрага чейин алты саат, ал эми Сиднейден үч саат", — деди ал.

Ал ортодо Кыргызстандын Футбол федерациясы мекендештердин мелдешке келебиз деген тилегине кубанат. Улуттук курама команданын пресс-атташеси Теңгелбес Мусаевдин айтымында, күйөрмандардын сүрөөнгө алышы курама команда үчүн абдан маанилүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0