Сариев кызды куткарам деп өзү чөгүп кеткен Исмаевдин үй-бүлөсүнө жардам берди

Жазылуу
Премьер-министр үй-бүлөнүн кийинки турмушун жеке көзөмөлгө аларын белгилеп, 110 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү.

БИШКЕК, 24-сен. — Sputnik. Премьер-министр Темир Сариев мүмкүнчүлүгү чектелген кызды куткарам деп өзү чөгүп кеткен Памир Исмаевдин үй-бүлөсүнө барып, 110 миң сом өлчөмүндө жардам көрсөттү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынын жетекчиси Назира Ахмедова билдирди. 

Жогорку Кеңеш кызды куткарып, өзү чөгүп кеткен Исмаевдин бүлөсүнө 100 миң сом берди
17-августта Ысык-Көлдүн жээгинде мүмкүнчүлүгү чектелген кыз сууга чөгүп жатканын көрүп 29 жаштагы Бишкек шаарынын тургуну Памир Исмаев жардам берүүгө шашылган. Тилекке каршы, кызды куткарып, бирок өзү чөгүп кеткен. Анын сөөгү сегиз күндөн кийин табылган. Исмаевдин артында төрт баласы жана ай-күнүнө жетип турган келинчеги калган

Сариев Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев менен Чүй облусунун Ленин айылындагы Исмаевдердин үй-бүлөсү жашаган үйгө келди. 

"Премьер-министр өкмөттүн атынан 100 миң жана жеке өзүнүн атынан 10 миң сом берди. Мындан тышкары, дүйшөмбү күнү кышка даярдык көрүү, балдарга кийим-кече алуу, жана үйдүн аягына чыга элек ремонт иштерин бүтүрүү үчүн өзүнүн атынан 100 миң сом бөлө турганын билдирди", — деди Ахмедова.

Өкмөт башчы министр Базарбаевге тез арада үй-бүлө үчүн жөлөк пул төлөө боюнча бардык аракеттерди көрүүнү, ал эми жергиликтүү бийлик органдарына Исмаевдин балдары үчүн бала бакча төлөмүн 50 пайызга кыскартуу жагын караштырууну тапшырды.

"Премьер-министрдин айтуусу менен учурда жергиликтүү бюджеттен балдарга 18 жашка чейин ай сайын акча бөлүү тууралуу сунуш даярдалып жатат", — деди маалымат кызматынын жетекчиси.

Кызды суудан куткарып, өзү чөгүп кеткен Исмаевдин энесине ӨКМ "Каарман" төш белгисин тапшырды
Өкмөт башчы аталган үй-бүлөнүн эч нерседен кем болбой жашашын жеке көзөмөлгө аларын белгиледи.

Памир Исмаевдин энеси Уулкыз Апсатарова алардын үйүнө премьер-министр өзү келерин күтпөгөнүн айтып, Сариевге ыраазычылык билдирди.

Буга чейин Исмаевдин энесин Өзгөчө кырдаалдар министрлиги "Каарман" төш белгиси менен сыйлаганы маалымдалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0