Бишкектик окуучуларга шаардын экологиясын сактоо жөнүндө айтып беришет

© Sputnik / Игорь Зарембо / Медиабанкка өтүүАквариумду карап аткан окуучулар. Архив
Аквариумду карап аткан окуучулар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Күзгү кербенди "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы уюштурган.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы № 69 Токтогул Сатылганов атындагы мектеп-гимназияда "Күзгү кербен: табигый илимдердин жылып жүрүүчү чеберканасы" деп аталган иш-чара өтөт.

Мектепте сабак учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектептерде жол кыймылынын эрежелери окутулууда
Сабак "Бишкек шаарындагы экологиялык көйгөйлөр" деп аталып, 7-8-класстын окуучуларына багытталган. 

Анда экология темасындагы таанып билүүчү фильмдер менен видео-роликтер көрсөтүлүп, жандуу оюндар жана экологиялык викторина өткөрүлөт. Анын жыйынтыгында өзгөчөлөнгөн, активдүү катышкан окуучуларга сыйлыктар ыйгарылат.

Бул иш-чараны "Таалим-Форум" коомдук фондунун өкүлдөрү өткөрөт.

Күзгү кербенди өткөрүү демилгесин "Роза Отунбаеванын демилгеси" фонду менен Бишкек шаардык билим берүү башкармалыгы көтөргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0