The Telegraph: Кыргызстан кыдыра турган беш өлкөнүн катарына кирди

© Екатерина ИващенкоБишкек шаарынан тоолорго көрүнүш. Архив
Бишкек шаарынан тоолорго көрүнүш. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Саякатчы Гарфорс Кыргызстандын эли меймандос жана кичи пейил экенин белгилеген.

БИШКЕК, 26-сен. — Sputnik. Норвегиялык саякатчы Гуннар Гарфорс Кыргызстанды кыдырууга боло турчу беш мамлекеттин катарына киргизгенин англиянын The Telegraph басылмасы жазып чыкты.

Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен - Sputnik Кыргызстан
Алоолонуп баткан күн, жылдыздуу асман – малайзиялык жигиттин көзү менен
Гарфорс 40 жашка чыкканга чейин 198 мамлекетти кыдырган. Ал саякаттоо учурунда жумушунан бир да жолу кеткен эмес. Учурда ал 41 жашта.

Норвегиялык саякатчынын рейтингин Румыния баштайт, андан кийин Мадагаскар, үчүнчү орунда Исландия турат. Ал эми Вьетнам менен Кыргызстан төртүнчү жана бешинчи орунду ээлеген.

Өз рейтингинде ал ошондой эле, Кирибати, Жаңы Зеландия, Никарагуа, Сьерра Лион жана Доминикана республикасын белгилеген.

Австралиянын News.com жаңылыктар сайтына берген маегинде Гуннар Гарфорс 2004-жылы Кыргызстан менен Казакстанга келгенде бул жакта жашаган элдердин меймандостугуна абдан таң калганын айткан. Андыктан "стан" менен бүткөн бардык мамлекеттерди кыдырууну эп көргөн.

Британиялык сүрөтчү: мен эми бейиштин төрү кайда экенин билем
2014-жылы саякатчы бир суткада 19 мамлекетте болуп, жаңы дүйнөлүк рекорд койгон. 2013-жылы болсо бир суткада беш континентте болууга жетишкен. Ал бул саякатын эки досунун коштоосунда ишке ашырган. Алар максатына жетиш үчүн автоунаадан учакка, кайта учактан автоунаага отурушкан.

37 жашында ал жер шарындагы 198 мамлекеттин акыркысына барып, коюлган максатына жеткен. Ошентип ал дүйнө жүзүн толук кыдырып чыккан эң жаш саякатчы деп Гиннес рекорддор китебине кирген.

Жаңылыктар түрмөгү
0