Шайлоо учурунда УКМК диний-экстремисттик жана криминалдык топторго көзөмөлүн күчөтөт

Жазылуу
Мекеме тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдардын, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик бийлик кызматкерлеринин шайлоочуларга карата кызматтык абалын колдонгон фактыларды аныктоо, эскертүү жана ага бөгөт коюу боюнча иш-чаралары такталды.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. УКМК шайлоо күнү диний-экстремисттик жана криминалдык топтордун шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган акцияларын өз учурунда аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларга басым жасай турганы жөнүндө мекеменин тараткан билдирүүсүндө айтылат.

УКМК башчысы Бусурманкул Табалдиев. Архив - Sputnik Кыргызстан
УКМК: шайлоодо айрым күчтөр абалды туруксуздаштыруусу мүмкүн
Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 25-сентябрында УКМК төрагасы Бусурманкул Табалдиев шайлоо өнөктүгүнүн коопсуздугун камсыздоого багытталган уюштуруу жана ыкчам-издөө иш-чараларын аткаруу боюнча ыкчам жыйын өткөрдү.

Анда шайлоо алдындагы кырдаалга мониторинг жүргүзүп, аймактык бөлүмдөрдүн координациясы жана алардын башка мамлекеттик түзүмдөрү менен өз ара аракеттешүүсү үчүн ыкчам штаб түзүү белгиленди.

"УКМКнын өздүк курамы кызмат өтөөсүн күчөтүлгөн вариантына өттү. Кошумча күчтөр жана каражаттары аныкталып, аларды шайлоо участокторуна жайгаштыруу маселеси каралды. Жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары менен өз ара аракет иштелип чыкты", — деп айтылат билдирүүдө. 

Мындан тышкары, жыйында хакердик чабуулдун алдын-алуу максатында БШКнын жана Мамлекеттик каттоо кызматынын маалымат ресурстарынын коопсуздугун камсыздап, хакердик чабуулдарга, шайлоочулар тарабынан бурмалоо мүмкүндүгүнө каршы иш-чаралар жүргүзүлүп жаткандыгы белгиленди.

"Эң башкысы диний-экстремисттик жана криминалдык топтордун шайлоо процессин үзгүлтүккө учуратууга багытталган акцияларын өз убагында аныктоо жана алдын алуу боюнча иш-чараларга басым жасалууда", — деп айтылат маалыматта.

Андан сырткары, мекеме мамлекеттин стратегиялык маанилүү объектилеринде терроризмден коргоо чаралары күчөтүлгөнүн белгилейт. Билдирүүгө ылайык, учурда УКМК укук коргоо органдары жана чек ара кызматы менен бирге террористтик жана диний-экстремисттик уюмдардын мүчөлөрүн табуу максатында жарандардын кирүү-чыгуусун тескеп, чек ара жанындагы аймактарда жаңжалдуу кырдаалдардын алдын алуу иштерин жүргүзүп жатат.

"Бүгүнкү күнү өлкөдө шайлоо участокторунда, социалдык чыңалуу чыккан, эл көп чогулган жерлерде, ошондой эле уюшулган кылмыштуу чөйрөдө шайлоо алдындагы жана шайлоо убагындагы мезгилде коомдук-саясий стабилдүүлүктү сактоого багытталган комплекстүү иш-чаралары өткөрүлүүдө", — дейт УКМК.

Мекеме тарабынан мамлекеттик жана муниципалдык кызматтарды ээлеген адамдардын, укук коргоо, сот жана башка мамлекеттик бийлик кызматкерлеринин шайлоочуларга карата кызматтык абалын колдонгон фактыларды аныктоо, эскертүү жана ага бөгөт коюу боюнча иш-чаралары такталды.

Парламенттик шайлоо үстүбүздөгү жылдын 4-октябрына белгиленген.

Жаңылыктар түрмөгү
0