Токтогул ГЭСи реконструкцияланып, кубаттуулугу жогорулайт

Жазылуу
Вице-премьер Токтогул ГЭСин реконструкциялоо "Датка – Кемин" электр линиясы менен катар өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча негизги долбоор экенин белгиледи.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Токтогул ГЭСин реабилитациялоонун натыйжасында станциянын кубаттуулугу 20 пайызга чейин жогорулай турганын вице-премьер Валерий Диль аталган станцияны реконструкциялоо боюнча долбоордун бет ачарында билдирди.

Анын айтымында, Азия жана Евразия өнүктүрүү банктарынын каржылык колдоосу менен жакын арада Токтогул ГЭСин реконструкциялоо боюнча тендер жарыяланат. 

"Биз бул жаатта тажрыйбасы бар компаниялардын баарын кызматташууга чакырабыз. Токтогул ГЭСин реабилитациялоо иштеринин жалпы баасы 450 миллион долларга бааланууда. Станцияны модернизациялоо 2021-жылы аякташы керек", — деди Диль.

Вице-премьер мында ГЭСтин экинчи жана төртүнчү гидроагрегаттары реабилитациялана турганын белгиледи.

"Оңдоо иштеринин натыйжасында станциянын ар бир гидроагрегатынын кубаттуулугу 360 мегаваттка чейин жогорулап, станциянын өндүрүмдүүлүгү 2,5 пайызга чейин өсөт", — деди чиновник.

Жыйын соңунда Диль Токтогул ГЭСин реконструкциялоо "Датка — Кемин" электр линиясы менен катар өлкөнүн энергетикалык көз карандысыздыгын камсыздоо боюнча негизги долбоор экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0