Баткендин Таян айылындагы эл эми заманбап шартта дарылана алат

Жазылуу
Үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен чектелбестен, ага караштуу "Тез жардам" кызматы турган жайды кошо оӊдоп-түзөөдөн өткөрүп бердик деди эл аралык уюмдун өкүлү.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Баткендин Таян айылында үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты толугу менен оӊдоп-түзөлүп, кайрадан колдонууга берилди.

Президент Кызыл-Кыядагы төрөт бөлүмүнө медициналык жабдуу сатып бермей болду
Бул жардам Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин медициналык кызматтардын жеткиликтүү кылуу максатында Кыргызстандын түштүндөгү тандалган мекемелерди оӊдоп-түзөө жана куруу иштеринин боюнча долбоордун алкагында жасалды. 

Дарыгерлер тобунун жана "Тез жардам" кызматынын имараттарынын чатырларын жаӊылоо, дубалдарын, полдорун жана шыптарын толугу менен оӊдоп-түзөө, пластик эшик жана тоскучтарды орнотуу, имараттын сыртын ондоп-түзөө иштери жасалган. Андан сырткары, керектелүүчү эмеректер жана негизги медициналык жабдыктары алынып берилген. 

"Жардам көрсөтүүдө биз үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун имараты менен чектелбестен, ага караштуу "Тез жардам" кызматы турган жайды кошо оӊдоп-түзөөдөн өткөрдүк. Бул жардам жергиликтүү калктын өз убагында медициналык жардам алуусуна шарт түзүп, жалпы калктын ден-соолугуна оӊ таасирин тийгизет деген ишенимдебиз", — деди Эл аралык Кызыл Крест Комитетинин Оштогу кеӊсенин башчысы Абдымомун Умаров. 

Жергиликтүү медицина кызматкерлери бул саамалыкка кубанып тургандыктарын билдиришти.

"Бул уюм жардам көрсөткөнгө чейин имаратта иштөө шарттарыбыз оор жана санитардык-гигиеналык талаптарга жооп бербейт болчу. Эми жаңы шартта иштеген биздин кызматкерлер жергиликтүү калкка жакшы сапаттагы медициналык жардам көрсөтөт",— деди Үй-бүлөлүк даргерлер тобунун жетекчиси Айгүл Жалилова.

Эл аралык Кызыл Крест Комитети калыс, бейтарап жана көз карандысыз уюм. Гуманитардык мүнөздө жардам көрсөтүп жана куралдуу чыр-чатактардан, зомбулуктун башка кырдаалдарынан жабыр тарткан адамдардын өмүрүн жана кадыр-баркын коргоо милдетин аткарат.

Жаңылыктар түрмөгү
0