Алмазбек Атамбаев Нарынга жумушчу сапары менен кетти

Жазылуу
Нарындагы сапарында Атамбаев Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Кочкор жана Жумгал райондорунун эли менен жолугат.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев Нарынга жумушчу сапары Тогуз-Торо районунан башталат. Ал түндүк менен түштүктү бириктирген автожолдун "Көгарт" ашуу аркылуу салына турган тоннелинин курулушу менен таанышат.

Андан кийин Атамбаев Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы, Кочкор жана Жумгал райондорунун эли менен жолугат. 

Буга чейин мамлекет башчы Атамбаев Ош, Баткен, Ысык-Көл облустарын кыдырып келген.

Жаңылыктар түрмөгү
0