БШК тергөө абагындагыларга паспорт копиясы менен добуш берүүгө уруксат кылды

© Sputnik / Андрей СтенинТергөө абакындагы жаран. Архив
Тергөө абакындагы жаран. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ID-карта же жалпы жарандык паспорт көчүрмөлөрү тергөөчү тарабынан күбөлөндүрүлүшү керек. Добуш берүүгө биометрикалык маалымат тапшыргандар гана укуктуу.

БИШКЕК, 29-сен. — Sputnik. Борбордук шайлоо комиссиясы тергөөдөгү жана тергөө абактарындагы жарандарга паспорттун көчүрмөлөрү менен добуш берүүгө уруксат кылды. Мындай чечимди БШК бүгүн, өз жыйынында кабыл алды.

Бишкек ИИМ кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Шайлоо учурунда Бишкекте коомдук тартипти 3 миң милиция кызматкери көзөмөлдөйт
Ага ылайык, шайлоого биометрикалык маалыматын тапшырган камактагы айыпталуучу жана кылмышка шектүү жарандар катыша алат.

Камакка алынган 1,5 шайлоочу добуш берүү укугунан ажырады.

Жогорку Кеңешке шайлоо ушул жекшемби күнү өтөт. Ага 14 саясий партиянын катышуусу күтүлүүдө.

Жалпы жонунан добуш берүүгө биометрикалык маалыматын тапшырган 2,7 миллион жаран катышат. Добуш берүү ID-карта, жалпы жарандык жана 1994-жылкы паспорт аркылуу жүргүзүлөт.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0