Шайлоо күнү мыйзам бузууга күбө болсоңуз, WhatsApp аркылуу бизге кабарлаңыз

© flickr.com / Senado FederalТелефон кармаган адам. Архив
Телефон кармаган адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Sputnik Кыргызстан агенттигинин WhatsApp номери — +996 706 566 544

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Шайлоо күнү мыйзамдын бузулушуна күбө болсоңуз, тартып алган сүрөт, видеолорду Sputnik эл аралык агенттигине WhatsApp номери аркылуу жөнөтсөңүз болот.

Парламенттик шайлоо ушул жекшемби күнү, 4-октябрга белгиленген. Шайлоодо 14 саясий партия ат салышат.

Сарпашев: шайлоонун жүрүшү жарандарды идентификациялоочу оператордон көз каранды
Эгер сиз шайлоо күнү кандайдыр бир мыйзам бузууларга күбө болсоңуз, тартып алган сүрөттөрүңүздү, видеолоруңузду +996 706 566 544 номери аркылуу жиберсеңиз болот.

Негизги шарт — кабар жиберген адам маалыматты Кыргызстандын мыйзамдарына туура келген жол менен алышы керек. Маалымат жөнөткөн адам өз материалын Sputnik агенттигине кайтарымсыз жана аны толук колдонуу укугу менен берип жатканына макул болушу керек.

Sputnik Кыргызстан агенттиги келген материалдарды колдонууда анын булагын жана алган жолун көрсөтүү менен бардык укукту өзүнө калтырат.

Жаңылыктар түрмөгү
0