Карылар күнү Бишкекте белгиленди

© пресс-служба мэрии города БишкекТоктогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда шаардагы карылар үчүн майрамдык иш чаранын катышуучулары.
Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда шаардагы карылар үчүн майрамдык иш чаранын катышуучулары. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленип келет. Бул күндү белгилөө чечими 1990-жылдын 14-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Борбор калаадагы Токтогул Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда шаардагы карылар үчүн майрамдык иш-чара өттү деп мэриянын маалымат кызматы билдирди.

Аларды калаа башчысы Кубанычбек Кулматов куттуктап, сиздердин кылган аракеттериңиздер менен азыркы тынч турмушта жашап жатабыз деди. 

"Сиздер бизге жашоону, мекенди сүйгөндү үйрөттүңөр. Сиздерге чоң рахмат! Кадырман карылык каалайм", — деди Кулматов.

Иш-чараны майрамдык концерт коштоду.

Карылар күнү жыл сайын 1-октябрда белгиленип келет. Бул күндү белгилөө чечими 1990-жылдын 14-декабрындагы Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы Ассамблеясында кабыл алынган.

Жаңылыктар түрмөгү
0