Атамбаев нарындыктарга завод курууга, сугат системасын жакшыртууга убада берди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевПрезидент Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда.
Президент Алмазбек Атамбаев Нарын облусуна жасаган иш сапары учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Атамбаев Баткен менен Ысык-Көлдөн кийин, азыр Нарын облусун кыдырып жүрөт.

БИШКЕК, 30-сен. — Sputnik. Президент Алмазбек Атамбаев 30-сентябрда, Нарын облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун активи менен жолугушту.

Атамбаев түндүк-түштүктү бириктирип турган жаңы тоннелдин курулушун көрдү
Мамлекет башчысы элге Нарын облусун социалдык-экономикалык өнүктүрүү пландары жана түрдүү чөйрөлөрдө ири долбоорлорду ишке ашыруунун келечеги туурасында айтып берди.

Атамбаев Бишкек – Нарын – Торугарт жана Бишкек – Балыкчы – Казарман автожолунун курулушунун аякташы, жакынкы аралыкта аймак аркылуу өтө турган темир жолдун курулушу Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө шарт түзөрүн белгиледи.

Ал Жогорку Нарын ГЭС каскадынын курулушунун маанисин белгиледи. 

"Аларды ишке киргизүү өлкөдөгү электроэнергияга болгон тартыштыкты жоюу менен бирге, башка мамлекеттерге экспорттоого жол ачат",— деди президент.

Мамлекет башчысы Алмазбек Атамбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Алмазбек Атамбаев Нарынга жумушчу сапары менен кетти
Нарын шаарынын, Ак-Талаа, Нарын, Ат-Башы райондорунун жашоочулары облуста жаңы ишканаларды ачуу боюнча маселелерди көтөрүштү. Атамбаев Ат-Башы районунда жаңы асфальтбетон заводу куруларын айтты.

Президент Нарын облусунда башка облустардагыдай эле сугат системаларды өнүктүрүү маселеси абдан курч коюлгандыгын айтты. 

Биринчи кезекте сугат тармагындагы артыкчылык маанидеги долбоорлорду ишке ашырууга тийиш экендигине токтолду.

"Сугат маселелери, аймактарда каналдарды куруу жана реконструкциялоо жакынкы жылдары мамлекеттик саясаттын негизги багыттарынын бири болот", — деди Атамбаев. 

Мамлекет башчысы келерки жылы Нарын шаарын суу менен камсыз кылуу системасын реконструкциялоого жана тазалоочу жайлардын курулушуна зарыл каражаттар бөлүнөрүн айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0