Окуучулардын китеп окуу жөндөмүн жакшырткан телеберүү ачылат

Жазылуу
Программага 7ден 12 жашка чейинки республиканын ар кыл аймактарынын окуучулары катыша алат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Билим берүү жана илим министрлиги Ага Хан фонду менен биргеликте "Биргелешип окуйбуз" аттуу телепрограмма уюштуруп жатат. Бул туурасында аталган министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Бишкектик окуучуларга шаардын экологиясын сактоо жөнүндө айтып беришет
Программанын максаты — балдардын китеп окууга тартуу. Телеберүү аптасына бир ирет, ар шаршемби күнү "Баластан" телеканалынан чыгып турат.

Ага 7ден 12 жашка чейинки республиканын ар кыл региондорунун окуучулары катыша алат. Программанын алкагында балдардын ойлонуусун активдештирген конкурстар өткөрүлүп, интерактивдүү тапшырмаларды ата-энелери менен биргеликте аткарат. 

Мектептерде да "Биргеликте окуйбуз" деп аталган иш-чараларды мугалимдер өздөрү өткөрүп турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0