Футбол күйөрмандары. Архив

Кыргыз футболчуларын катуу сүрөгөн күйөрман Кыргызстан Бангладеш оюнуна билет алат

120
(жаңыланган 17:25 01.10.2015)
Футбол федерациясынын Facebook тармагындагы баракчасында эң көп "лайкка" ээ болгон сүрөөндүн ээси жеңүүчү аталат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Кыргызстандын футбол федерациясы дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында өтүүчү оюн алдында жергиликтүү футболчуларды колдоо иретинде мыкты сүрөөнгө сынак жарыялаганын билдирди.

Тажикстан жана Бангладеш командалары менен беттешүү Бишкектеги борбордук стадиондо октябрь айында өтөт. 

Сынактын шарты боюнча, күйөрман федерациянын баракчасында каттоодон өтүп, "Кыргызстан", "Алга" жана "Жеңиш" деген сөздөрдү катыштырып сүрөөн сөзүн ойлоп табышы керек. Андан кийин төрт сапты пикир иретинде сынак тууралуу жазылган тексттин алдына жайгаштыруу зарыл.

Баракчада эң көп "лайкка" ээ болгон сүрөөндүн ээси жеңүүчү аталат. Мында 9-октябрь саат 18.00гө чейин уланат.

Мында күйөрмандардын саптары сөгүнгөн, мазак, уят сөздөрдү камтыбашы шарт.

Сынактын жеңүүчүсү Кыргызстан — Бангладеш беттешүүсүнө билет жана федерациянын белек-бечкегине ээ болот.

120
Белгилер:
Кыргызстан, футбол, сынак, билет, жеңүүчү, сүрөөн
Тема:
Кыргызстан — Бангладеш беттеши (19)
Тема боюнча
Кыргызстандын футболчулары дүйнө чемпионатынын тандоо туруна даярдана баштады
Кыргызстандын футболчуларын Австралияда сүрөөнгө алуу пландалууда
Ооруканадагы бейтап. Архив

Бир суткада коронавирус 10 адамдын өмүрүн алды

2
(жаңыланган 14:45 01.08.2021)
Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 бейтаптын абалы оор болсо, 222синин абалы өтө оор деп бааланды.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Өткөн суткада өлкө боюнча коронавирустан 10 бейтап көз жумду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин маалымат кызматы кабарлады.

Каза болгондор:

  • Бишкек шаары — 5;
  • Ысык-Көл — 3;
  • Нарын — 1;
  • Жалал-Абад — 1.

Ушуну менен Кыргызстанда жалпысынан 2 335 адам дарттын курмандыгы болду.

Азыркы тапта коронавирус аныкталган 3 759 киши ооруканаларда дарыланууда. Алардын ичинен 1 100 кишинин абалы оор болсо, 222 бейтаптын абалы өтө оор деп бааланды. Бүгүнкү күндө 10 369 адам үй шартында дарыланып жатканы кошумчаланды.

2
Белгилер:
Кыргызстан, коронавирус, оору, дарт, өлүм, статистика
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал
Тема боюнча
COVID жуктургандарга Бишкек жана Чүйдүн ооруканаларындагы бош орундар
Кыргызстанда бир суткада 17 миңден ашык адам вакцина алды
Стаканга суу алып жаткан адам. Архив

Диетолог суу тууралуу мифтерди жокко чыгарды

40
Дарыгер суу тууралуу азыр айтылып жүргөн айрым нерселерди жокко чыгарып, анын себептерин түшүндүрдү.

БИШКЕК, 1-авг. — Sputnik. Учурда суу жана анын адамдын организмине тийгизген таасири тууралуу айтылып жаткан нерселердин көпчүлүгү жөн гана миф. Бул тууралуу "Прайм" агенттигиндеги маегинде эндокринолог, диетолог Ульяна Румянцева айткан.

"Мисалы, бир күндө 2 литр суунун өзүн ичиш керек деп айтылып жүрөт. Бул туура эмес, ар кайсы организм уникалдуу, баарына 2 литр суу керек деген түшүнүк жок. Экинчиден, сөз болуп жаткан көлөм бир гана суудан турушу керектигин дагы эч ким далилдеген эмес. Ага чай, кофе, шире, шорпо кошула берет. Болгону алкоголь ичимдиги менен газдалган суусундуктарды эсептебеш керек", — деди дарыгер.

Адис логикалык жактан ойлонуп көргөндө деле элдин баарына 2 литрден суу ичүү системасы туура келбесин белгилейт. Таргыраак айтканда, эркектин организми аялдыкына караганда сууну көбүрөөк  талап кылат.

Ал эми толук адамдар учурдагы салмагына эмес, жашына жана боюна жараша идеалдуу деп эсептелген салмакка ченеп ичиши керек.

"Адам ооруп турган учурда, инфекция жуктуруп, дене табы көтөрүлгөндө болушунча көбүрөөк суу ичкени жакшы. Башка ооруларга чалдыккан учурларда ашыкча суу терс таасирин тийгизип коюшу мүмкүн", — деди диетолог.

Сөзүнүн аягында адис бардыгы индивидуалдуу экенин кошумчалады.

40
Белгилер:
суу, дарыгер, миф, ден соолук, адам, норма
Тема боюнча
Канадада жасалма уруктандыруу үчүн өз уругун пайдаланып жүргөн дарыгер кармалды