Ноокатта алма фестивалы өтөт

© Sputnik / Егор Еремов / Медиабанкка өтүүАлма түшүмү. Архив
Алма түшүмү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестиваль элге жана потенциалдуу бизнес-өнөктөштөргө Ноокат районундагы алма өндүрүүчүлөрдүн экспорттук жана бизнес мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат бере турган аянтча болот.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Ош облусунун Ноокат районунда алма фестиваль-жармаңкеси өтө турганын БУУнун Өнүктүрүү программасынын өкүлү Турар Бекболотов билдирди.

Маалыматка ылайык, үстүбүздөгү жылдын 8-октябрында Зулпуев айыл аймагынын Кашкалдак айылында өтө турган иш-чара алма өндүрүүчүлөрдү колдоо, алма өндүрүү, кайра иштетүү, экспорттоо жана сактоо маселелерин талкуулоого багытталган.

"Фестивалдын негизги максаты — алма багын өстүрүү багытын жана анын маркетингин өнүктүрүүнүн мааниси тууралуу маалымдоо, ошондой эле алманын айыл чарба өндүрүшүндөгү ролун жогорулатуу. Мындан тышкары, иш-чара алманын кошумча нарк тутумун колдоого, алма өстүрүүчү фермерлерге дем берүүгө жана алардын ортосундагы тажрыйба алмашууга багытталган", — деп айтылат билдирүүдө. 

Сариев базар аралап, бааларды билип, балдан ооз тийди
Фестиваль элге жана потенциалдуу бизнес-өнөктөштөргө Ноокат районундагы алма өндүрүүчүлөрдүн экспорттук жана бизнес мүмкүнчүлүктөрү тууралуу маалымат берген аянтча болуп берет. 

Иш-чарага Айыл чарба министрлигинин, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын өкүлдөрү, консалтинг берүүчү компаниялар, жергиликтүү ишкерлер, бизнес-ассоциациялар, Казахстан, Түркия жана Кытайдан келген ишкерлер, жергиликтүү тургундар жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү катышат. Иш-чарага 200дөн ашык адамдын келиши күтүлүүдө. 

Фестивалдын алкагында алма көргөзмө-жармаңкеси, тегерек столдор, талкуулар уюштурулуп, оюн-зоок менен коштолот.

Жаңылыктар түрмөгү
0