Баткенде бала бакчалардын саны өсүүдө

© Фото / Медербек НиязалиевБаткен шаарына кирүү. Архив
Баткен шаарына кирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда балдардын мектепке чейинки билим деңгээлин теңдештирүү үчүн 480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки билим берүү программасы иштелип чыккан. Ал боюнча 318 класста 7 миң 781 бала тарбияланат.

БИШКЕК, 1-окт. — Sputnik. Баткен облусунда бала бакчалардын саны 106га жетип, мектепке чейинки билим берүү тармагы аймакта өнүгүп жатканын билим берүү жана илим министри Элвира Сариева аталган облуска болгон иш сапары учурунда билдирди.

Жаш баланын сүрөт тартуусу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мектепке чейинки даярдык боюнча "Наристе" жаңы программасы киргизилет
Министр окутуучуларды мугалимдер күнү менен куттуктап, келечек муунду тарбиялоодогу алардын эмгеги жогору экенин белгиледи.

Мындан тышкары, Сариева Баткендеги бала бакчаларды кыдырып, бул тармак өнүгүү үстүндө экенин айтып өттү.

Жаңы окуу жылынын башталышы менен Кыргызстанда балдардын мектепке чейинки билим деңгээлин теңдештирүү үчүн 480 сааттык "Наристе" мектепке чейинки билим берүү программасы иштелип чыккан. Ал боюнча 318 класста 7 миң 781 бала тарбияланат.

Жаңылыктар түрмөгү
0