Ысык-Көлдөгү мамлекеттик чек ара кызматы жарым кылымдык юбилейин белгиледи

Жазылуу
Майрамга кезегинде Ысык-Көл облустук чек ара отрядында кызмат өтөп кеткен казакстандык ардагер чек арачылар да чакырылган.

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Байсары уулу Кыдыр аке атындагы Ысык-Көлдөгү аскердик бөлүк быйыл 50 жылдык юбилейин белгилеп жатат деп билдирди Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы. 

Чек ара. Архив - Sputnik Кыргызстан
Сариев чек ара аймактарын өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурула турганын айтты
Бейшемби күнү Чек ара кызматындагы башкармалыкта бул боюнча маарекелик салтанат болуп, ага өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлүгү, Россиянын Федералдык коопсуздук кызматынын чек ара тобунун ыкчам аскерлери, жергиликтүү бийликтин жетекчилери катышты. Алардан сырткары кезегинде Ысык-Көл облустук чек ара отрядында кызмат өтөп кеткен казакстандык ардагер чек арачылар чакырылды. 

Мамлекеттик чек ара кызматынын төрагасынын орун басары Таалайбек Усубалиев аскердик бөлүктүн кызматтык-аскердик иштеринин ийгиликтерин белгиледи.

"Ысык-Көлдөгү чек ара отрядынын тарыхы өзгөчө жана басып өткөн жолу оңой болгон эмес. Ошол мезгилдери кызмат өтөгөн чек арачылар легендарлуу отряддын түптөлүшүнө жана андан ары иштеп кетишине негиз салган. Ал жылдардагы кызмат өтөгөн чек арачылардын ысымдары тарых барактарына жазылып калган жана аты чек ара отряддарына берилген", — деди Усубалиев. 

Баткенде чек арага жакын Көк-Таш айылында дагы бир бала бакча ачылды
Ысык-Көл облустук чек ара отрядынын өздүк курамын өкмөттүн аталган облустагы өкүлчүлү Эмилбек Каптагаев куттуктап, жоокерлердин кызматы, эмгеги, түйшүгү үчүн ыраазычылыгын билдирди. 

Салтанатта кызматы менен өзгөчөлөнгөн чек арачыларга Мамлекеттик Чек ара кызматынын жана чек ара отрядынын жетекчилигинин атынан ведомстволук сыйлыктары ыйгарылды. 

Башкармалыктын аскерлери кыргыз-кытай жана кыргыз-казак мамлекеттик чек аранын 730 чакырымга жакын бөлүгүн кайтарып турушат.

Жаңылыктар түрмөгү
0