УКМК: Терракт уюштурууну көздөгөн деген шек менен адам кармалды

Жазылуу
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар Аламүдүн районундагы "Ала-Тоо" айылында атышуулардын үнүн укканын билдиришкен

БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Терракт уюштурууну көздөгөн деген айып менен Бишкектен чет жакасында бир адам кармалды деп билдирди УКМКнын маалымат кызматынын жетекчиси Рахат Сулайманов Sputnik маалымат агенттигине.

Автомат. Архив - Sputnik Кыргызстан
"Ала-Тоо" айылында атышуунун үнү угулду
Буга чейин жергиликтүү жашоочулар Аламүдүн районундагы "Ала-Тоо" айылында атышуулардын үнүн уккандыгын билдиришкен.

Ал эки Чүй обулустук Ички иштер башкармалыгынын маалымат кызматы аталган айылга милиция кызматкерлери чыгып кеткендигин билдирген.

Ал эми "Ала-Тоо" айылынын жергиликтүү жашоочуларынын бири шектүү делген адамдарды кармоо айылдагы Кондучалова атындагы көчөдө болгондугун билдирди.

Анын айтымында, аталган көчөдөгү шектүүнү кармап кеткен үйдө айылга бир нече жыл мурда башка аймактан көчүп келгендер жашап жаткан.

Жаңылыктар түрмөгү
0