Бала бакча кызматкерлерине айлык берүүдө мамлекетке 3 млн.сом зыян келтирилген

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын валютасы. Архив
Кыргыз Республикасынын валютасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ири каржылык көз боёмочулук жасалып, мамлекетке 3 миллион 148 миң сом зыян келтирилген.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Ош прокуратурасынын тергөө бөлүмү Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын бухгалтерлерине козголгон кылмыш ишин тергеп бүттү. 

Дело папкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жалал-Абаддагы лицей-интернаттын жетекчилигине кылмыш иши козголду
Аталган билим берүү башкармалыгынын мектепке чейинки эсеп-кысап бөлүмүнүн бухгалтери жана башкы бухгалтери Кылмыш жаза кодексинин "кызматтык абалынан кыянаттык менен пайдалануу", "документтерди жасалмалоо", "ишенип берилген мүлктү коротуу же ээлеп алуу" беренелери боюнча кылмыш иши козголгон.

Булар беш бала бакчанын кызматкерлеринин айлыгын берүүдө ири каржылык көз боёмочулукка барышып, мамлекетке 3 миллион 148 миң сом зыян келтиришкен. Бул каражат толугу менен мамлекетке кайтарылды.

Учурда бул кылмыш иши каралууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0