Киного, музейге жана циркке барган кыргызстандыктар көбөйүүдө

Жазылуу
Кыргызстандыктар дем алыш күндөрүн кантип өткөрөрү боюнча Улуттук статистикалык комитет отчетун жарыялады.

БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Кинотеатрларга, музейлерге жана цирктерге барган жарандардын саны көбөйгөнү Улуттук статистикалык комитеттин отчетунда айтылат.

Мисалы, 2014-жылы киного баргандардын саны 40 пайызга өсүп, 1 миллион 831 миң кишини түзгөн. 

Ошондой эле, музейге жана циркке баргандардын саны 30 пайызга көбөйгөн. Былтыр музейге 812 миң киши келсе, циркке 284 миң киши келген.

Ошол эле учурда театр менен концертке келгендер азайган.

Жаңылыктар түрмөгү
0