Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев. Архив

Сарпашев шайлоо учурунда чагымчылдыкка алдырбоого чакырды

27
(жаңыланган 11:03 04.10.2015)
Бүгүн эртең мененки саат 8.00дө Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү башталды.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев шайлоо учурунда чагымчылдыкка алдырбоого чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда өткөрүлгөн селектордук жыйында билдирген.

Сарпашев жергиликтүү бийликке жарандарды идентификациялоо боюнча жабдууларды ишке киргизүүнү буюрду. Мындан тышкары, ал бүгүн түнү бардык шайлоо участкалары шайлоочулардын жаңыланган тизмеси камтылган флэшка менен камсыз болгонун белгиледи.

"Баарыңарды тынч, паникасыз иштөөгө чакырам. Айрым саясий партиялардын тигил же бул участкада шайлоонун жүрүшүнө таасир этүүгө аракет кылышы мүмкүн. Чагымчылдыкка алдырбагыла. Ар бир участкада иштеп жаткан уку коргоо органдарынын өкүлү менен тыгыз байланышта болуу зарыл. Кандайдыр бир техникалык маселелер жаралса, штабга чалып, кеңешкиле", — деди биринчи вице-премьер.

Бүгүн эртең мененки саат 8.00дө Кыргызстанда парламенттик шайлоого добуш берүү башталды. Анда 14 саясий партия ат салышууда.

2015-жылы Жогорку Кеңешке болуучу шайлоолордун жүрүшү туурасында Sputnik маалымат агенттигинин атайын долбоорунан окуңуздар>>

27
Белгилер:
тизме, жыйын, Жогорку Кеңешке шайлоо, Тайырбек Сарпашев
Тема:
Парламенттик шайлоо 2015 (146)
Тема боюнча
Кыргызстанда парламенттик шайлоодо добуш берүү расмий башталды
Жымжырттык күнү: партиялардын шайлоо алдындагы жарышына саресеп салганда
Бишкек шаары. Архив

Шейшембиге карата аба ырайы

108
1-декабрга караган түнү өлкө боюнча абанын температурасы төмөндөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. 1-декабрь күндүз республиканын кээ бир райондорунда кар жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.

Абанын температурасы Чүй, Талас өрөөндөрүндө 0…-5, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарында 2…7, Ысык-Көлдө -1…+4, Нарында -2…+3 градусту түзөт.

Ош жана Бишкек шаарларында жаан-чачын күтүлбөйт. Күндүн табы борбордо 0…-2, Ош шаарында 5…7 градуска жылыйт.

108
Белгилер:
Кыргызстан, аба ырайы
Тема боюнча
Дагы кар жаайбы? Бир жумага карата аба ырайы
Кыргызстандын мурдагы президенти Алмазбек Атамбаев. Архив

Жактоочу: Алмазбек Атамбаев жакында эркиндикке чыгышы мүмкүн

282
(жаңыланган 21:18 30.11.2020)
Атамбаев кримтөбөл Батукаевдин иши боюнча козголгон кылмыш ишинин негизинде 11 жылга эркинен ажыратылган. Бүгүн Жогорку сот ал өкүмдү жокко чыгарды.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүн. Мындай пикирин анын жактоочусу Сергей Слесарев Sputnik Кыргызстанга билдирди.

Эске салсак, бүгүн Жогорку сот Батукаевдин мыйзамсыз бошоп кетиши боюнча Атамбаевге кылмыш иши козголуп, аны 11 жылга эркинен ажыратуу боюнча мурдагы өкүмдү жокко чыгарган. Андыктан жаңыдан кароо үчүн иш Биринчи май райондук сотуна жиберилген.

Жактоочу кийинки процедуралар туурасында Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечиминин акыркы бүтүмү боюнча кагазды колуна алгандан кийин гана так айтарын билдирди.

"Бул иш боюнча камакка алууну караган баш коргоо чарасы белгисиз мөөнөткө колдонулган. Азыр өкүм жокко чыккандан кийин эми колдонулбай калды да. Андыктан Атамбаев коё берилиши керек", — деп түшүндүрдү жактоочу.

Юрист Жогорку соттун соттук коллегиясынын чечими Жаза аткаруу боюнча мамлекеттик кызматка келип түшкөндөн кийин Атамбаев эркиндикке чыгышы мүмкүндүгүн айтты.

Слесарев Батукаевдин иши боюнча камакка алуу Атамбаевди 2019-жылдын августунда кармагандан кийинки биринчи чечим экендигин кошумчалады. Темир тордун ичине отургузуу боюнча мындай баш коргоо чарасы экинчи ирет Кой-Таштагы окуя боюнча кабыл алынып, бирок 6-октябрдын түнүндө элдик толкундоодон кийин аны үй камагына алмаштырышкан.

Атамбаев 11 жыл эки айга эркинен ажыратылган. Мындай чечимди июнь айында Биринчи май райондук соту кабыл алып, августта Бишкек шаардык соту аны күчүндө калтырган.

282
Белгилер:
сот, бошотуу, түрмө, Алмазбек Атамбаев, Кыргызстан
Тема:
Алмазбек Атамбаевдин кармалышы
Тема боюнча
Атамбаев, Ниязов жана Сагымбаев сотко алып келинди. Сүрөт
Жогорку сот Атамбаевге Батукаевдин иши боюнча чыккан өкүмдү жокко чыгарды. Видео
Премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмеси учурунда

Оор жүктөрдү үзгүлтүксүз ташууну жакшырталы. Новиков ШКУ жыйынында маселе көтөрдү

0
(жаңыланган 22:31 30.11.2020)
Новиков ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

БИШКЕК, 30-ноя. — Sputnik. ШКУ өлкөлөрүнүн ортосунда санитардык-эпидемиологиялык талаптарды сактоо менен оор жүктөрдүн үзгүлтүксүз ташылышына шарттарды түзүү жана көзөмөл өткөрүү жайларынын толук кандуу иштеши маанилүү. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткарып жаткан Артем Новиков ШКУга мүчө мамлекеттердин өкмөт башчыларынын 19-кеңешмесинде айткандыгын маалымат кызматы билдирди.

Жыйын видеоконференция форматында өткөн.

"Кыргызстан өлкөлөр ортосундагы товар алмашууда "жашыл коридор" механизмин пайдаланууну кеңейтүү жолу менен көзөмөл-өткөрүү жайлары аркылуу жүк ташуучу автотранспорттордун кирип-чыгуу тартибин, процедурасын жөнөкөйлөштүрүүнү кароону сунуштайт", — деген Новиков.

Мындан тышкары, премьердин милдетин аткаруучу санариптик технологияларды, анын ичинде электрондук соода жүргүзүүнү өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн белгилеген.

Бул ШКУ өлкөлөрүнүн экономикасынын жогорулашына жана уюм алкагындагы толук кандуу санариптик күн тартипти ишке ашырууда кошумча түрткү болуп бере аларын айткан.

Новиков сөзүн жыйынтыктап жатып, кыйын кырдаалда өз ара колдоо көрсөтүү жакшы коңшулук мамилеге жана жалпы кызыкчылыкка жооп берерин айткан.

"Учурдагы негизги нерсе ─ калктын денинин сактыгы, социалдык-экономикалык туруктуулуктун сакталышы жана жарандарыбыздын эртеңки келечегине ишеними", — деген премьер-министрдин милдетин аткаруучу.

Ошондой эле ал ШКУга мүчө-мамлекеттерге Кыргызстанга COVID-19га каршы күрөштө көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирген.

0
Белгилер:
жыйын, Артем Новиков, ШКУ, Кыргызстан
Тема боюнча
Путин: бүгүнкү ШКУ саммитинде өтө маанилүү документтерге кол коюлат
Садыр Жапаров ШКУ өлкөлөрүнүн лидерлерине КРдеги шайлоо таза өтөрүн айтты