Премьер-министр кыргызстандыктарды шайлоо күнү менен куттуктады

© Sputnik / Табылды КадырбековХод выборов в Жогорку Кенеш 2015
Ход выборов в Жогорку Кенеш 2015 - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Облус башчылары аймактагы шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп, идентификациядан өтүү боюнча эч кандай кыйынчылыктар байкалбаганын билдиришти.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Премьер-министр добуш берип, кыргызстандыктарды шайлоо күнү менен куттуктады. 

Өкмөт башчы өз добушун №1209 шайлоо участкасында берди. Анын биометрикалык маалыматын идентификациялоочу жабдык биринчи жолкудан эле тааныган.

"Бардыгыңыздарды шайлоо күнү менен куттуктайм. Шайлоо тынч, таза, эч кандай кыйынчылыксыз өтүп жатат. Биометриканын жардамы менен шайлоо өткөрүү Кыргызстандын чоң жетишкендиги", — деди Сариев.

Ал жекшемби күнү бардык шайлоо участкасы ачылып, андагы абал туруктуу экенин белгиледи. Укук коргоо органдары күчөтүлгөн тартипте иш алып барууда.

"Мен бардык облус башчылары менен сүйлөштүм. Алар шайлоочулардын активдүүлүгүн белгилеп, идентификациядан өтүү боюнча эч кандай кыйынчылыктар байкалбаганын билдиришти", — деди премьер-министр.

Шайлоо учурунда биометрикалык маалымат тапшырган 2 миллион 761 миң 269 адам добуш берет. Жалпы республика боюнча 2 374 шайлоо участкасы иштеп жатат. Чет мамлекеттерде 36 участка ачылган.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0