Ош милициясы саат сайын бардык шайлоо участокторунан маалымат алып турат

© Руслан СарыбаевОш шаарындагы шайлоо участагында шайлоо учурунда.
Ош шаарындагы шайлоо участагында шайлоо учурунда. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милицияга кандайдыр бир укук бузуулар тууралуу арыз-даттануулар түшкөн жок.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Ош шаардык Ички иштер башкармалыгы саат сайын бардык шайлоо участокторунан маалымат алып турат. Азырынча кандайдыр бир укук бузуулар тууралуу арыз-даттануулар түшпөгөнүн Ош ШИИБ билдирди.

Оштун мэри Кадырбаев 109-шайлоочу болуп добуш берди
Бүгүн республика боюнча парламенттик шайлоо өтүүдө. Ага 14 саясий партия ат салышууда.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери коомдук коопсуздукту сактоодо. 

Кызмат өтөөгө тартылган милиция кызматкерлери кезектешип өзү катталган аймактарга барып добуш беришүүдө.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0