Ош шаарында 22 миңден ашуун шайлоочу добуш берди

© Руслан СарыбаевОш шаарындагы шайлоо участкасы.
Ош шаарындагы шайлоо участкасы. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Шаардык мэрия коомдук тартип тынч экендигин, эч кандай мыйзам бузуулар катталбагандыгын билдирди.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Саат 12де Ош шаарынан 22 миң 241 жаран добуш берди. Бул туурасында Ош шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.

Буга чейин Борбордук шайлоо комиссиясы добуш берүүнүн жүрүшү боюнча алгачкы алдын ала маалыматтарды жарыялаган маалыматтарда эң аз көрсөткүч 3 пайыз менен түштүк борбордо экени белгиленген.

"Ош шаарында саат 12:00гө карата жалпы шайлоочулардын 22 миң 241 өз добуштарын берди. Бул жалпы шайлоочулардын 16,7 пайызын түзөт. Азыркы учурда элдин активдүүлүгү күчөгөнү байкалууда", — деп билдирди маалымат кызматтын өкүлү Сүйөрбек Аманов. 

Ал коомдук тартип тынч, эч кандай мыйзам бузуулар каттала электигин кошумчалады.

Парламенттик шайлоодогу добуш берүүнүн жүрүшү тууралуу Sputnik инфографикасында көрө аласыздар>>

Жаңылыктар түрмөгү
0