Тергөө абактагылар добуш беришти

© пресс-служба ГСИНТергөө абагында шайлоого даярдык.
Тергөө абагында шайлоого даярдык. - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Түзөтүү жайларындагы шайлоонун жүрүшүнө партия өкүлдөрү жана байкоочулар көз салган.

БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын тергөө абагындагылар ишемби күнү, 3-октябрда добуш беришкенин аталган кызматтан билдиришти.

Биометрикалык маалыматтар менен өткөн алгачкы шайлоо. Добуш берүү учурунан көрүнүштөр.
Маалыматка ылайык, көчмө комиссия келип добуштарды алып кеткен. Саясий партиялардын, көз карандысыз уюмдардын байкоочулары абак жайларындагы шайлоонун жүрүшүнө көз салган.

Ал эми Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын жеке курамы да уюшкандык менен добуш берүүгө катышты. Аталган кызматтын өкүлдөрү шайлоо учурунда күчөтүлгөн тартипте иштеп жатышат.

Кыргызстандагы шайлоонун жүрүшү тууралуу Sputnik агенттигинин онлайн-репортажынан көрүңүз>>

Жаңылыктар түрмөгү
0