Чет мамлекеттеги кыргызстандыктардын 17%ы гана добуш берди

© пресс-служба посольства КР в МалайзииМалайзиядагы Кыргызстандын жараны шайлоо учурунда. Архив
Малайзиядагы Кыргызстандын жараны шайлоо учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Башка өлкөлөрдө иштеп, жашап жаткан кыргызстандыктар үчүн Казакстан менен Россия мамлекеттеринде, мындан тышкары, Малайзия, Түркия, ошондой эле Европанын бир катар өлкөлөрүндө шайлоо участоктору ачылган.

БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Чет өлкөлөрдө жашап жана иштеп жаткан кыргызстандыктардын 2570и парламенттик шайлоодо добуш бергенин Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Москвада Кыргызстандын элчилигинин имаратында жайгашкан шайлоо участкасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Россияда жүргөн 1065 гана кыргызстандык шайлоого катышты
Маалыматка ылайык, 26 чет мамлекетте аккредитацияланган 36 шайлоо участкасында добуш берүү расмий аяктады. Убакыттын айырмачылыгынан улам акыркылардан болуп АКШ жана Канададагы мекендештер добуш берди.

Кыргызстандык мигранттардын көбү Казакстан менен Россия мамлекеттеринде жашайт. бул эки өлкөдөн тышкары, шайлооу частоктору Малайзия, Түркия, ошондой эле айрым Европа мамлекеттеринде ачылган.

"Чет мамлекеттердеги кыргызстандык жарандардын 2570и добуш берип, бул жалпы шайлоочулардын 17 пайызын түздү. Бир катар шайлоо участокторунда жарышка партиялардын өкүлдөрү байкоо жүргүзүштү", — деп айтылат билдирүүдө.

Маалыматта шайлоо тынч, таза жана жагымдуу маанайда өткөнү белгиленет. Добуш берүүчү жайларда эч кандай мыйзам бузуулар катталган эмес. 

Кечээ, 4-октябрь күнү Кыргызстандын тарыхында биринчи жолу жарандардын биометрикалык маалыматынын негизинде парламенттик шайлоо болуп өттү. Добуш берүүгө 1,5 миллион жарандын катышканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0