Бишкек мэриясы жакыр үй-бүлөлөргө көмүр тарата баштады

© Sputnik / Александр Кряжев / Медиабанкка өтүүКөмүр. Архив
Көмүр. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муниципалитеттин маалыматы боюнча, бекер көмүр борбор калаанын төрт миң үй-бүлөсүнө берилет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бишкек мэриясы жакыр үй-бүлөлөрдү көмүр менен камсыздай баштаганын муниципалитет билдирди.

Маалыматка ылайык, шаардын төрт миң үй-бүлөсүнө бекер көмүр таратылып, ар бир 1,5 тонна отун менен камсыз болот.

"Ленин районунда 1131, Октябрь районунда 500 үй-бүлөгө көмүр берилет. Ал эми Биринчи Май районунун 1050, Свердлов районунун 1303 жакыр үй-бүлөсү бекер отун менен камсыз болушу күтүлүүдө", — деп айтылат билдирүүдө.

Учурда Октябрь районунун тургундары көмүр ала баштады. Калган үч райондун жашоочулары үчүн келген кара отун экспертизага жөнөтүлдү. Текшерүүнүн жыйынтыгы чыккандан кийин алар да таратыла баштайт.

Жаңылыктар түрмөгү
0