Жабдуулардын иштен чыгышы Бишкектин чыгыш тарабын жарыксыз калтырды

© Sputnik / Виталий Аньков / Медиабанкка өтүүЭлектр линияларын оңдоо иштери. Архив
Электр линияларын оңдоо иштери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсыктын кесепеттерин жоюу маалында шаардын Чолпон-Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жана Горькийден Лев Толстойго чейинки көчөлөрдүн бөлүгүндө жарык өчүрүлдү.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бүгүн, 6-октябрда саат 9.50дө Бишкекте "Кыргызстандын улуттук электр түйүнү" ишканасынын жабдуусу авариялык өчүрүүгө туш болгонун "Түндүкэлектро" билдирди.

Маалыматка ылайык, авария "Промышленная" жогорку вольттуу подстанцияда болгон. 

Кырсык кесепеттерин жоюу маалында шаардын Чолпон-Ата көчөсүнөн Ауэзов көчөсүнө чейинки жана Горькийден Лев Толстойго чейинки көчөлөрдүн бөлүгү жарыксыз калууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0