Бишкектин айрым райондорунда эртең муздак суу болбойт

Жазылуу
"Бишкексууканал" ишканасы муздак суу оңдоо иштеринен улам токтотула турганын белгилейт.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Эртең, 7-октябрь күнү Бишкектин айрым райондорунда муздак суу берилбей турганын мэрия билдирди.

"Бишкексууканал" ишканасынын маалыматына ылайык, суу саат 9.00дөн 18.00гө чейин "Белинский" суу кампасындагы оңдоо иштеринен улам токтотулат.

"Муздак суу Калык Акиев менен Күрөңкөев, Логвиненко менен Чүй, Жибек жолу, Абдрахманов жана Абдымомунов көчөлөрүнүн чектешкен аймагындагы турак-жайларга берилбейт", — деп айтылат билдирүүдө.

Муниципалитеттик ишкана аталган аймакта жайгашкан мекеме менен уюмдарга суу толтуруп алууну эскертет.

Жаңылыктар түрмөгү
0