Кыргызстан — Тажикстан оюну учурунда айрым көчөлөр жабылат

Жазылуу
Жол кайгуул кызматы айдоочуларга унааны кароосуз калтырбай, айланма жолдорду пайдаланууну эскертет.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Футбол боюнча Кыргызстан — Тажикстан курама командаларынын оюнунда стадионго жакын аймактагы коомдук тартипке 50 инспектор көз сала турганын Жол кайгуул кызматы билдирди.

Оюн алдында машыгуу. Архив - Sputnik Кыргызстан
Тажикстандын командасы Бишкекте алдыдагы беттешүүгө даярданып жатат
Үстүбүздөгү жылдын 8-октябрь күнү Бишкектин Дөлөн Өмүрзаков атындагы стадионунда дүйнө чемпионатынын тандоо турунун алкагында кыргызстандык футболчулар тажик атаандаштары менен күч сынашат. Оюн кечки саат сегизде башталат.

Маалыматка ылайык, ал күнү саат 17.00дөн баштап Эркиндик проспектинен Исанов көчөсүнө чейинки Чүй проспекти, андан Жибек-Жолуна чейинки Исанов көчөсү, Исанов көчөсүнөн баштап Эркиндик проспектине чейинки Жибек-Жолу проспекти жана Жибек-Жолунан баштап Чүй проспектине чейинки Эркиндик проспекти жабылып, жол кыймылы чектелет.

Буга байланыштуу Жол кайгуул кызматы айдоочуларга унааны кароосуз калтырбай, айланма жолдорду пайдаланууну эскертет.

Кыргызстан – Таджикстан футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы
Кыргызстан – Таджикстан футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан – Таджикстан футболдук матч учурунда Бишкектин жол кыймылынын жабылышы

Жаңылыктар түрмөгү
0