БШК ушул убакка чейин 16 участоктон шайлоонун жыйынтыгын ала элек

© Sputnik / Табылды КадырбековШайлоо участагында добуштарды саноо. Архив
Шайлоо участагында добуштарды саноо. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоо маалында республика боюнча 2374 шайлоо участогу иштеп, 1,5 миллион жаранды тейледи.

БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Байланыштын жогунан жана техникалык мүчүлүштүктөрдөн улам Кыргызстандагы 16 шайлоо участогу ушул мезгилге чейин добуш берүүнүн жыйынтыгын Борбордук шайлоо комиссиясына бере электигин БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов билдирди.

Жекшемби күнү өткөн парламенттик шайлоо маалында республика боюнча 2374 шайлоо участогу иш алып барып, 1,5 миллион жаранды тейледи.

"Маалыматты факс менен алуудабыз. Участоктор протоколдун көчүрмөлөрүн жөнөтүп жатышат. Ал жактарда добуштар электрондук түрдө эмес, кол менен саналды. Ошондуктан алар расмий жарыяланган эмес", — деди Абдраимов.

Бүтүн Кыргызстан Эмгек саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мадумаров: БШКдан айрым участкаларда добуштарды кайра саноосун талап кылабыз
Төрага ачык урна пайдаланылган шайлоо участкаларындагы добуш берүүнүн жыйынтыгы эсепке алынбай турганын белгиледи. Ал мындай учурлар канча жерде болгонун айта алган жок.

Абдраимов аймактык жана участкалык шайлоо комиссиялары шайлоо маалындагы мыйзам бузуулар боюнча партиялар менен жарандардан арыздарды кабыл алып жатканын кошумчалады. Анын айтымында, шаршемби күнү бардык участоктор өз отчетторун БШКга берет.

Жаңылыктар түрмөгү
0