Баткенде чек ара аймагында жашаган балдар үчүн фестиваль өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековФутбол ойноп жаткан балдар. Архив
Футбол ойноп жаткан балдар. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Фестивалдын максаты — Баткен облусундагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана кийинки муундарга достук-ырашкерликте жашоого багыт берүү.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Октябрдын он бешинде Баткен шаарында "Баткен — достук калаасы" деп аталган фестиваль өтүп, ага Тажикстан менен чектешкен аймактарда жашаган балдар чакырылат. Бул туурасында "Роза Отунбаеванын демилгеси" фондунун маалымат кызматы кабарлады.

Баткен шаарына кирүү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Баткенде бала бакчалардын саны өсүүдө
"Баткен — достук калаасы" иш-чарасында фонддун буга чейинки ар улуттардын музыкаларын таанытуу долбоорунун алкагында өткөн концерттик мыкты номерлери аткарылат. Андан сырткары, балдар үчүн мастер-класстар өтүп, мультфильмдер көрсөтүлөт. 

Фестивалдын максаты — Баткен облусундагы улуттар аралык ынтымакты бекемдөө жана кийинки муундарга достук-ырашкерликте жашоого багыт берүү.

Жаңылыктар түрмөгү
0