Шайлоо жыйынтыгы боюнча сотко 31 арыз жана 6 кайрылуу түштү

Жазылуу
Доо арыздардын көбү өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулардан түшкөн. Мындан тышкары, бир нече партия шайлоо процессиндеги мыйзам бузуулар болгонун айтууда.

БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Парламенттик шайлоонун жыйынтыгы менен сотко 31 арыз жана 6 кайрылуу түшкөнүн БШК мүчөлөрү жыйын учурунда билдиришти.

Өткөн жекшемби күнү республикада парламенттик шайлоо өтүп, анда алты партия жеңүүчү болду. Шайлоодо 1,5 миллиондон ашуун кыргызстандык жаран добуш берген.

Портфельчен чиновник. Архив - Sputnik Кыргызстан
Парламентке келчү партиялар талапкерлердин тизмесин жаңылоону баштады
БШКнын маалыматы боюнча, арыздардын көпчүлүгү биометрикалык маалымат тапшырып, бирок добуш берүү маалында өзүн тизмеден таппай калган шайлоочулардан түшкөн. Ошондой эле бир нече партия шайлоочуларды ташуу жана добуш сатып алуу фактылары аныкталганын билдирген. Алсак, "Азаттык" партиясы Алай районунда КСДП өкүлдөрү миңге жакын шайлоочуну жеткирип келгенин айткан.

Мындан тышкары, Сузак жана Базар-Коргон райондорундагы шайлоо участкаларында "Өнүгүү — Прогресс" жана "Республика — Ата-Журт" партияларынын өкүлдөрү жүргүзгөн үгүт иштери  боюнча арыздар түшкөн.

Муну менен бирге "Бүтүн Кыргызстан Эмгек", КСДП жана "Ата Мекен" партиялары тарабынан добуш сатып алуу болгону тууралуу арыз түштү.

"Бул арыздарды текшерүү үчүн ИИМ менен аймактык шайлоо участкаларына жиберебиз. Бардык маселелер шайлоонун жыйынтыгын чыгара турган акыркы жыйында каралат", — деди БШК төрагасы Туйгунаалы Абдраимов.

Бүтүн Кыргызстан Эмгек саясий партиясынын теңтөрагасы Адахан Мадумаров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Мадумаров: БШКдан айрым участкаларда добуштарды кайра саноосун талап кылабыз
Төраганын орун басары Гүлнара Журабаева шайлоочулардын тизмеси боюнча түзгөн арыздарды кароо үчүн Мамлекеттик каттоо кызматына жиберүүнү сунуштады. Ички мигранттардын добуш берүүсү үчүн толтурулган №2 форма боюнча арыздарды аймактык шайлоо комиссиялары менен БШК өз алдынча карайт. Журабаева аталган форма боюнча күнөө шайлоочулардын өзүндө экенин, анткени аны жарандар өздөрү толтурганын белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0