БИШКЕК, 8-окт. — Sputnik. Эртең менен саат 9.00дөн кечки саат 6.00гө чейин Бишкек шаарынын бир катар аймактарында муздак суу берүү токтотула турганын "Бишкексууканал" ишканасы билдирди.
"Түштүк-Батыш" жана "Гагарин" суу кампасындагы оңдоо иштери жүргөндүктөн бир катар аймактар суусуз калат. Ага ылайык, Лев Толстой, Жунусалиев, Айни, Чайковский көчөлөрүндө жана "Ак-Өргө" жаңы конушунда суу болбойт.
Ошондой эле, Гагарин көчөсүндөгү жер иштетүү институту, №25, №55 мектептеринде, Ленин районунун аскер комиссариатында, "Бишкекжылуулукэнергонун" буу казандарында, "Кока-Кола", жана "Яшар" ЖЧКсында суу болбойт.
"Кыргызконьягы","Комбинат", Тамга-Таш ЛТД" жана"Лина" ишканаларындагы суунун басымы азаят.